Сравнение редакций…
КР Президентинин
2022-жылдын 22-майындагы № 89 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 30-ноябры ПБ № 268
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ
2008-жылы Бишкек шаарында Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктешти-
гине (КМШ) катышкан мамлекеттердин башчыларынын Кењешинин кезектеги
жыйналышын өз учурунда даярдоону жана ийгиликтүү өткөрүүнү, ошондой эле
чет мамлекеттердин жана расмий делегациялардын башчыларын кабыл алуу
максатында:
1. 2008-жылы Бишкек шаарында Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шерик-
тештигине (КМШ) катышкан мамлекеттердин башчыларынын Кењешинин кезекте-
ги жыйналышын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге
ылайык түзүлсүн.
2. Атайын багыттагы объекттерди долбоорлоо жана куруу жүзөгө ашы-
рылсын, мында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ушул
объекттердин башкы заказчысы болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- жогоруда аталган объекттерди долбоорлоо жана куруу үчүн тикелей
чет өлкөлүк, ата-мекендик инвестицияларды жана гранттарды тартуу менен
республикалык бюджеттен зарыл финансылык каражаттарды, ошондой эле фи-
нансылоонун башка булактарынан кошумча каражаттарды тапсын;
- өз чечимдерин ушул буйрукка ылайык келтирсин.
4. Уюштуруу комитети:
- уюштуруу комитетинин аткаруу органдарын түзүп, алардын башчыла-
рын жана финансылоо булактарын аныктасын;
- уюштуруу маселелерин натыйжалуу чечүүгө контролдукту камсыз кыл-
сын жана көмөк көрсөтсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2007-жылдын 30-ноябрындагы
№ 268 буйругунун
тиркемеси
2008-жылы Бишкек шаарында КМШга катышкан
мамлекеттердин башчыларынын Кењешинин жыйналышын
даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин
КУРАМЫ
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчи-
си, уюштуруу комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, уюштуруу комитети-
нин төрагасынын орунбасары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу, уюштуруу
комитетинин төрагасынын орунбасары;
- КМШнын жана ЕврАзЭСтин алкагында интеграциялык кызматташтык ма-
селелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу
өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кењешчиси;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы
саясат бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу
иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы;
- Президенттин жардамчысы - Кыргыз Республикасынын Президентинин
протокол кызматынын жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин басмасөз кызматынын жетек-
чиси;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси - минист-
ри;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
- Кыргыз Республикасынын финансы министри;
- Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
- Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри;
- Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик коми-
тетинин төрагасы;
- Бишкек шаарынын мэри;
- Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-
сынын башчысы - губернатору;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын зардалы;
- "Манас" Эларалык аэропортунун президенти.