КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2004-жылдын 13-августу № 116
Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө
(КР 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 52, 2017-жылдын 2-августундагы № 167, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2), 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдарынын ишине байланыштуу келип чыгуучу коомдук мамилелерди жөнгө салат, алардын иштешинин укуктук негиздерин түзөт, саламаттык сактоо уюмдарынын типтерин, түрлөрүн аныктайт, аларды медициналык-санитардык жардам көрсөтүү деңгээлдери боюнча классификациялайт.
I Глава Жалпы жоболор
1-статья. Саламаттык сактоо тутуму
Кыргыз Республикасынын аймагында саламаттык сактоонун мамлекеттик, муниципалдык жана менчик секторлорунан турган саламаттык сактоонун комплекстүү интеграцияланган тутуму иштейт.
Саламаттык сактоо уюмдарынын иши Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамы, башка ченемдик укуктук актылары тарабынан жөнгө салынат.
2-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Бирдиктүү төлөөчү - базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу жана базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын каржылоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун консолидацияланган бюджети - мамлекеттик бюджеттин, базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун, тышкы карыздардын жана донорлордун гранттык жардамдарынын каражаттарынын, ошондой эле атайын казыналык эсептерде топтоштурулуучу каражаттардын, саламаттык сактоо тутумунда калктын кошо төлөөсүнөн алынган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын жыйындысы.
Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) - саламаттык сактоо, базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, менчигинин формаларына карабастан, саламаттык сактоо уюмдарында жарандардын медициналык-санитардык жардам алууга укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуучу медициналык-санитардык жардамдын кепилденген көлөмдөрү, түрлөрү жана шарттары.
Башка терминдердин мазмуну ушул Мыйзамдын айрым статьялары менен аныкталат.
(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)