Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2019-жылдын 9-августу № 407
Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоо жол-жоболорун өркүндөтүү, аларды каттоо боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 301 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби тууралуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби тууралуу жободо:
- 6-пунктунун сегизинчи абзацы "кыймылсыз мүлк объектисинин графикалык маалыматтары" деген сөздөрдөн кийин "(жер участокторунун жана кыймылсыз мүлк объекттеринин пландары, индекстелген каттоо картасынын фрагменттери)" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелеринде:
- 2-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Кыймылсыз мүлккө укук белгилөөчү жана укук чектөөчү документтерди тариздеген жана берген мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдына башкаруу органдары кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 5 жумуш күндүн ичинде аталган документтердин электрондук түрдөгү жана кагаз жүзүндөгү көчүрмөлөрүн кыймылсыз мүлк бирдиги жайгашкан жердеги жергиликтүү каттоо органдарына жиберүүгө милдеттүү.
Документтердин кагаз жүзүндөгү көчүрмөлөрү жергиликтүү каттоо органына атайын жеткирүү менен же почта байланышы аркылуу тапшырылат.
Электрондук документтер "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдына башкаруу органдарынын ортосундагы ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тартибиндеги талаптарга ылайык жергиликтүү каттоо органы тарабынан жиберилет жана кабыл алынат.
Келип түшкөн укук белгилөөчү документтерди жергиликтүү каттоо органынын архивариусу Укук белгилөөчү документтерди каттоо журналында эсепке алат (6-тиркеме). Кагаз жүзүндөгү документтер каттоо ишине тиркелет, ал эми электрондук түрдөгү документтер электрондук архивге киргизилет.";