Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 220 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2019-жылдын 17-сентябры № 482
Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай заттарды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 2020-жылдын 30-мартындагы № 191 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагына мунай заттарды ташып киргизүүгө, сактоого, өндүрүүгө жана сатууга контролду күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай заттарды эсепке алуунун жана контролдоонун тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Мунайды жана мунай заттарды эсепке алуунун жана контролдоонун электрондук системасына коюлуучу техникалык талаптар, 2-тиркемеге ылайык;
- электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын формасы (FORM STI-162), 3-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-мартындагы № 191 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мунай заттарды ташып киргизүү, сактоо, өндүрүү жана сатуу менен алектенген ишкер субъекттер төмөнкүлөрдү колдоноору белгиленсин:
- 2020-жылдын 1-июлунан тартып - электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды;
- 2020-жылдын 1-июлунан тартып - автомай куюучу станцияны башкаруунун автоматташтырылган системасын жана сатылуучу отун майы тууралуу маалыматты (аталышы, ЕАЭБ ТЭИ ТН коду, саны, 1 литр үчүн баасы, жалпы баасы) контролдук-кассалык чекке басып чыгаруу жана ыйгарым укуктуу салык органына маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде өткөрүп берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691, 2020-жылдын 30-мартындагы № 191 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-ноябрындагы № 513 "Чарбакер субъекттердин ишине мамлекеттик салык контролун күчөтүү боюнча кээ бир чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктундагы "мунай заттарына коштоочу кагаздын бланкын" деген сөздөр алып салынсын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-июнундагы № 461 "Мунайзат продуктуларын эсепке алуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында контролдук пломбаларды колдонуу жөнүндө" токтому;