КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-сентябры № 477
Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомунун, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2025-жылдын 9-октябрындагы № 650 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелеринде:
- 4-параграфы төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-пункт менен толукталсын:
"15-1. Каттоочу кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоого чейин жактын (арыз берүүчү, укук ээси, бүтүмдүн катышуучусу) идентификациялык маалыматтарын Террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмелеринен (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеси жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйымды санкциялык тизмеси) бар же жок экендигин текшерүүгө милдеттүү.".
- 6-параграфы төмөнкүдөй мазмундагы 27-1-пункт менен толукталсын:
"27-1. Эгерде жак (арыз ээси, укук ээси, бүтүмдүн катышуучусу) Санкциялык тизмеге киргизилген болсо, каттоочу кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды каттоону дароо жана бул адамга алдын ала кабарлоосуз тоңдурууга милдеттүү.
Мында жергиликтүү каттоо органы тоңдурулган учурдан тартып үч сааттын ичинде бул тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирет.
Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды каттоо белгисиз мөөнөткө тоңдурулат жана жак (арыз ээси, укук ээси, бүтүмдүн катышуучусу) Санкциялык тизмеден чыгарылган учурда жүзөгө ашырылат.";
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 251 "Инвестициялык активдерди башкаруу боюнча иш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иш жөнүндө жободо:
- 34-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары инвестициялык активдерди башкарууну жүргүзүүдө террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптарды сактоого милдеттүү.".