КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-сентябры № 477
Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди
легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2025-жылдын 9-октябрындагы № 650, 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760, 2026-жылдын 31-январындагы № 50 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 251 "Инвестициялык активдерди башкаруу боюнча иш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иш жөнүндө жободо:
- 34-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары инвестициялык активдерди башкарууну жүргүзүүдө террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптарды сактоого милдеттүү.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-сентябрындагы № 536 "Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү жөнүндө жободо:
- 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Көз карандысыз реестр кармоочу баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүүдө террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптарды сактоого милдеттүү.";
- 47-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте финансылык чалгындоо органына;".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 647 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесинде:
- 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: