Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 токтому менен бекитилген

 

Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча облустук жумушчу топтор жана жергиликтүү (райондук) комиссиялар жөнүндө

ЖОБО

 (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Облустук жумушчу топ Мамлекеттик комиссия тарабынан жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча маселелерди чечүү үчүн түзүлөт.

2. Облустук жумушчу топ өзүнүн ишин "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.

3. Облустук жумушчу топтун курамы 7 адамдан кем эмес болушу керек, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тиешелүү орун басары, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын өкүлдөрү кирет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Облустук жумушчу топтор төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:

- жергиликтүү (райондук) комиссиялар чече албаган, жайыттардын чек араларына таандык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы талаш-тартыштарды кароого;

- Мамлекеттик комиссияга жергиликтүү (райондук) комиссия тарабынан аныкталган жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча материалдарды берүүгө;

- Мамлекеттик комиссия тарабынан жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга.

5. Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча жергиликтүү (райондук) комиссиялар райондордун мамлекеттик администрациялары тарабынан 7 адамдан кем эмес санда түзүлөт, анын курамына төмөнкүлөр кирет:

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ар бир чектеш аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу-тескөө органынын башчысы;

райондун тиешелүү аймагында иш жүргүзгөн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин өкүлдөрү;

айыл округдарынын жер жайгаштыруу боюнча адистери;