Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 299 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2019-жылдын 6-декабры № 667
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы N 640 "Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарды өркүндөтүү максатында, "Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 640 "Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун аталышындагы "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн реабилитациялоо борборлорунда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- преамбуласы, 1 жана 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Социалдык стационардык мекемелердеги жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборлорундагы адамдар үчүн көрсөтүлүүчү кызматтарга карата зарыл болгон талаптарды аныктоо максатында, "Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген: Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн реабилитациялоо борборлорунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттары бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн реабилитациялоо борборлорунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарынын сакталышын камсыз кылышсын";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарында:
- аталышындагы "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн реабилитациялоо борборлорунда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-бөлүмүндөгү "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн реабилитациялоо борборлорунда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 4.1-бөлүм менен толукталсын: