Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 21-декабрындагы № 692

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2019-жылдын 25-ноябры № 632

Кыргыз Республикасынын жарандарын "Консулдук эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жарандарын "Консулдук эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 699 "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алууну жана каттоо эсебинен чыгарууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 699 "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алууну жана каттоо эсебинен чыгарууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 698 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 699 "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алууну жана каттоо эсебинен чыгарууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-августундагы № 466 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 17-декабрындагы N 104 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М.Абылгазиев