Сравнение редакций…
|
Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 171, 2022-жылдын 15-мартындагы № 139 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо чет мамлекеттердин аймагында жашап жаткан же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартибин жөнгө салат.
(Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 171 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу "Консулдук эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын (мындан ары - "Консулдук эсеп" АМС) пайдалануу менен жүргүзүлөт.
"Консулдук эсеп" АМС Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке тургузуу жана консулдук эсептен чыгаруу процесстерин автоматташтырууну камсыздаган маалыматтык система.
“Даректик - маалымдама бюро" автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - "ДМБ" АМС)" - жашаган жери жана жүргөн жери боюнча жарандарды каттоо эсебине алуу менен байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн арналган, каттоо эсебине алуу органдары тарабынан түзүлгөн жана колдонулган программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы болуп эсептелген система.
"Суратып алдырып алуу" автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - "Суратып алдырып алуу" АМС) - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин маалымкаттын берүү жолу менен Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан берилген документтердин аныктыгын суратып алдырып алуу жана/же ырастоо жөнүндө маалыматты сактоо, өткөрүп берүү жана иштетүү менен байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн арналган программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 171 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Консулдук эсеп Кыргыз Республикасынын жарандарын натыйжалуу консулдук тейлөөнү уюштуруу, алардын укуктарын жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде коргоо максатында ишке ашырылат.
3. Чет мамлекетте Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке тургузуу жана эсептен чыгаруу үчүн жооптуу органдар болуп бул мамлекетте аккредиттелген Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери (мындан ары - Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери) эсептелет.
Ушул Жобонун 13-пунктунун биринчи абзацы менен белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсептен чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасындагы жооптуу орган болуп тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана башкаруу боюнча ишти жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын консулдук кызматы (мындан ары - консулдук кызмат), же Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча катталган учурда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эсептелет.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо ордуна кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо эсебинен чыгарууну ишке ашыруучу жооптуу органдар болуп Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 171 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары барган мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинде консулдук эсепке турушат.
(Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 171 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 171 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин консулдук кызмат адамы (мындан ары - консул) өзүнүн консулдук округунун чегинде Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандарын консулдук эсепке тургузат:
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо ордуна чыгып кеткендерди;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу болгон, бирок туруктуу жашабагандарды;
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар тарабынан асырап алынган жашы жете элек балдарды;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары төрөлгөн жана Кыргыз Республикасынын жараны болгон жашы жете элек балдарды;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган ордун алмаштырган жарандарды.
6. Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн кетип жатканына байланыштуу Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоо эсебинен чыгарылса Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган орду боюнча каттоо эсебинен чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Жобого ылайык калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын тийиштүү бөлүмү тарабынан таризделет.
Эгерде жаран Кыргыз Республикасында жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгарылбаса, анда туруктуу консулдук эсепке алуу тууралуу жүргөн өлкөсүндөгү Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемесине кайрылганда бул жаран тарабынан ушул Жобонун 9-тиркемесине ылайык форма боюнча Кыргыз Республикасында жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгаруу жана даректен чыгуу баракчасын суратып алдырып алуу жөнүндө арызы берилет.
Консул "Консулдук эсепке алуу" АМС аркылуу жарандын Кыргыз Республикасында жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгаруу жөнүндө арызын Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын дарегине жөнөтөт.
Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Кыргыз Республикасынын жаранынын арызынын негизинде ал каттоо эсебинен чыгарылгандан кийин "Суратып алдырып алуу" ЛМС аркылуу даректен чыгаруу баракчасын Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин дарегине жөнөтөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 171 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандарын консулдук эсепке тургузуу үчүн ата-энеси же камкорчусу (көзөмөлчүсү) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз толтурууга милдеттүү.
Консул Кыргыз Республикасынын компетенттүү органынын барган өлкөнүн аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар тарабынан бала асырап алуу жөнүндө чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын жашы жеке элек жарандарын консулдук эсепке тургузушат.
Консулдук эсепке Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандарын алыстан тургузуу үчүн ата-энеси же камкорчусу (көзөмөлчүсү) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин электрондук расмий дарегине же тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана башкаруу боюнча иш-аракетти ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын порталына 1-тиркемеге ылайык формада сканерленген арыз жиберүүгө укуктуу.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 21-декабрындагы № 692
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 171, 2022-жылдын 15-мартындагы № 139 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор