Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 350 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2019-жылдын 6-декабры № 666

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-октябрындагы № 469 "2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-октябрындагы № 469 "2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоорунун 1-тиркемесинде:

- 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:

"

31

"Сарамжал Транс" ЖЧК

1000,0

100,0

100,0

";

- төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пункт менен толукталсын:

"

81

"Шахта Беш-Бурхан көмүр" ЖЧК

43890000

95,0

95,0

";

- төмөнкүдөй мазмундагы "Баткен облусу" 5-бөлүм менен толукталсын:

"

5. Баткен облусу

10

"Айдаркен сымап акционердик коому" ААК

132279,4

99,9865

99,9865

";

2) жогоруда аталган 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын 4-тиркемесинде:

- 1, 4-бөлүмдөр күчүн жоготту деп таанылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 101-пункт менен толукталсын:

"

101

Аянты 210 кв.м болгон жер участогу менен 50,7 кв.м аянттагы имарат, Сокулук районунун Шопоков ш.

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин "Кыргыз геофизикалык экспедиция" мамлекеттик ишканасы

";

- төмөнкүдөй мазмундагы "Жалал-Абад облусу" 5-бөлүм менен толукталсын:

"

5. Жалал-Абад облусу

13

№ 1 мурдагы кирпич заводу, Жалал-Абад ш., Мельничная көч., 79

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд

14

№ 2 мурдагы кирпич заводу, Жалал-Абад ш., О.Кошевой көч., 60

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд

".

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 24-декабрында № 106 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

М.Д. Абдылгазиев