Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 746 токтомуна) |
Электр жана почта байланышы жаатындагы ишти лицензиялоо жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2022-жылдын 31-майындагы № 287, 2023-жылдын 25-январындагы № 38 , 2023-жылдын 7-июлундагы № 343 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Электр жана почта байланышы жаатындагы ишти лицензиялоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан электр байланышы, маалыматтарды берүү, почта байланышы жаатындагы жана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттүүлүгү жаатындагы ишке лицензияларды жана (же) Кыргыз Республикасынын аймагына радио электрондук каражаттарды ташып келүүгө уруксатты берүү, кайра тариздөө, токтото туруу, калыбына келтирүү жана жокко чыгаруу тартибин регламенттейт.
Ушул Жобонун талаптары атайын техникалык каражаттарды, шифрлөө техникасын жана маалыматты криптографиялык коргоо каражаттарын Кыргыз Республикасына ташып келүүгө жана анын чегинен тышкары ташып кетүүгө, ошондой эле колдонууга жайылтылбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2022-жылдын 31-майындагы № 287, 2023-жылдын 25-январындагы № 38 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Электр , почта байланышы жана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттүүлүгү жаатындагы лицензиялануучу иштин түрүн жүргүзүүгө ниеттенген жеке жана юридикалык жактар уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан тиешелүү лицензия жана (же) уруксат алууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Электр жана почта байланышы жаатындагы лицензияр болуп байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Лицензия берүүчү) саналат, ал төмөнкүдөй лицензияларды жана уруксаттарды берет:
1) иш үчүн лицензиялар:
- электр байланышы жаатында (ички жана жабык электр байланыш тармактарынын операторлорунан жана кызматтарынан сырткары);
- маалыматтарды берүү жаатында (ички жана жабык электр байланыш тармактарынын операторлорунан жана кызматтарынан сырткары);
- почта байланышы жаатында;
- Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттүүлүгү жаатында;