Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы № 716 токтомуна)
Жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан адамдарга, шектүү жана айыпталуучу катары камакка алынган жерлерде кармалган адамдарга Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта) тариздөөгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу Регламенти
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан адамдарга, шектүү жана айыпталуучу катары камакка алынган жерлерде кармалган адамдарга Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта) тариздөөгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу регламенти (мындан ары - Регламент) түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан соттолгон адамдарды, шектүү жана айыпталуучу катары тергөө изоляторлорунда кармалган адамдарды документтештирүү боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү тартибин жөнгө салат.
2. Ушул Регламентте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) "Паспорт" автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - "Паспорт" АМС) - программалык каражаттардын жыйындысы болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта) (мындан ары - 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт) тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө документтерди кабыл алуу менен байланышкан иштерди автоматташтырууга багытталган система;
2) "Даректик-маалымдама бюросу" автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - "ДМБ" АМС) - программалык каражаттардын жыйындысы болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери жана барган жери боюнча каттоолук эсепке алууну жүргүзүү менен байланышкан ишти автоматташтырууга багытталган система;
3) жарандык абалдын актыларын жазуулардын автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - "ЖААЖ" АМС) - программалык каражаттардын жыйындысы болуп саналган жана жарандык абалдын актыларын каттоо менен байланышкан иштерди автоматташтырууга багытталган система;
4) анкета-арыз - электрондук түрдө таризделүүчү, өзүнө арыз ээсинин жеке маалыматтарын камтыган документ;
5) Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - КБМР) - Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана каттоо объекттери болуп саналган жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалыматтарды чогултууга, сактоого, актуалдаштырууга жана талдоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте бул маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, башка юридикалык жана жеке жактарга берүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын калкын бирдиктүү автоматташтырылган жекече эсепке алуу системасы;
6) идентификациялык жеке номер (мындан ары - ИЖН) - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга бир жолу ыйгарылуучу жана ал адамдарга өмүр бою өзгөртүлбөстөн сакталуучу жеке номер, буга "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 71-беренесинде, ошондой эле жазык сот өндүрүшүнүн күбөлөрүнүн, жабырлануучуларынын жана башка катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлар кирбейт;
7) ыйгарым укуктуу орган - калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган мамлекеттик органы;
8) аймактык бөлүмдөр - калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүнүшүнүн аймактык бөлүмдөрү;
9) жекелештирүү борбору - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин карамагында турган, 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү жүргүзгөн жекелештирүү борбору;
10) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомуна ылайык күчүн жоготту)