Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2019-жылдын 31-декабры № 745

Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы

жана аны пайдалануу эрежелери жөнүндө

жобону бекитүү тууралуу

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245, 2025-жылдын 22-октябрындагы № 691 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасын түзүү жана жарандар менен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын электрондук өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы жана аны пайдалануу эрежелери жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. "Түндүк" ачык акционердик коому электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасынын оператору болуп аныкталсын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245, 2025-жылдын 22-октябрындагы № 691 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы үчүн автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгууга Техникалык тапшырманы иштеп чыксын жана бекитсин.

4. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканасы бекитилген Техникалык тапшырмага ылайык электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы үчүн автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыксын.

5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-июлундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын санариптештирүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканаларын уюштуруу жана башкаруу маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы үчүн автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгууга финансы каражаттарын бөлүп берүүнү камсыз кылсын;

- жыл сайын электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасынын иштешин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү өлчөмдө "субсидиялар" беренеси боюнча жалпы мамлекеттик иш-чараларды ишке ашырууга республикалык бюджетте финансы каражаттарын карасын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)