Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 токтомуна) Контролдук-кассалык машиналарды каттоо жана колдонуу 1. Жалпы жобо 1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-беренесине ылайык иштелип чыкты жана контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары – ККМ) саткан жана/же тейлеген субъекттердин жана салык органдарында ККМди каттоо учурундагы субъекттердин иш-аракеттеринин тартибин аныктайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында накталай жана электрондук акчалар, банктык төлөм карточкалары жана чектер аркылуу соода операцияларын жүзөгө ашырууда же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө ККМди колдонуунун жалпы тартибин белгилейт. 2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат: 1) контролдук-кассалык чек – ККМде түзүлүүчү жана эсептешүү операцияларын жүргүзүүдө акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу фактысын ырастоочу, кагаз жана/же электрондук түрдө берилүүчү баштапкы эсепке алуу документи; 2) кайра фискалдаштыруу – ККМдин суммалоочу эсептегичтерин нөлгө түшүрүү менен фискалдык режимди кайрадан кошуу; 3) субъект – уюштуруу-укуктук формасына, ишинин түрүнө, баш ийүүсүнө жана менчигинин формасына карабастан экономикалык иш жүргүзгөн жана/же салык салуу объекттери бар жеке жак, жеке ишкер, уюм, обочолонгон бөлүм, туруктуу мекеме; 4) фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшү – корголгон, шифрленген, коррекцияланбоочу, энергияга көз карандысыз маалыматтарды узак мезгилге сактоону камсыз кылган электрондук контролдук тасма жана фискалдык маалыматтардын оператору (мындан ары – ФМО) катары маалыматтарды топтоонун, берүүнүн жана сактоонун техникалык процессин камсыз кылуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган, фискалдык маалыматтарды зымдуу же зымсыз байланыш каналдары аркылуу ыйгарым укуктуу салык органына жана/же башка органга берүүнү камсыз кылган модулу бар түзүлүш; 5) фискалдаштыруу – ККМге фискалдык режимди туташтыруу; 6) фискалдык эстутум – ККМди колдонуу менен жүзөгө ашырылуучу акчалай эсептешүүлөрдү толук эсепке алуу үчүн зарыл болгон жыйынтыктоочу маалыматты ар бир суткада (ар бир сменада) каттоочу жана узак мөөнөттө сактоочу жана камсыз кылуучу программалык-аппараттык каражаттардын топтому; 7) ККМди техникалык тейлөө борбору (мындан ары – ТТБ) – ККМди пайдаланууга даярдоо, аларды техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча субъектке кызмат көрсөтүүчү субъект. 2. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу 3. Субъекттер Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык ККМди колдонуу менен иштейт. Мында ККМ ТТБда техникалык тейлөөгө коюлушу жана иш башталганга чейин ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасында (мындан ары - АМС) катталышы керек. |