КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 токтомуна) |
Контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык талаптар жана контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптар
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Техникалык талаптар (мындан ары – Талаптар) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык иштелип чыккан жана контролдук-кассалык машиналарга карата милдеттүү техникалык жана функциялык талаптарды, контролдук-кассалык машиналарды сатуучу жана/же тейлөөчү субъекттердин укуктарын жана милдеттерин аныктайт, ошондой эле фискалдык маалыматтарды топтоонун, берүүнүн, иштеп чыгуунун жана сактоонун техникалык процессин ишке ашырууну регламенттейт.
2. Ушул Талаптарда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) нөөмөттү жабуу – суткалык отчетту түзүү боюнча иш күнүнүн (нөөмөттүн) аягында жүргүзүлүүчү операция. Нөөмөттү жабуу операциясы өткөрүлгөндөн кийин контролдук-кассалык машина мурдагы нөөмөттөр үчүн кассалык операцияларды жүргүзүү мүмкүндүгүнө бөгөт коёт.
2) нөөмөттүк сатып алуулардын жыйынтыгы – нөөмөт ичинде сатып алууларды (кызмат көрсөтүүнү) каттоодо контролдук-кассалык машина тариздеген документтердин жыйынтыктарынын суммасы;
3) нөөмөттүк сатуулардын жыйынтыгы - нөөмөт ичинде сатууларды (кызматтарды көрсөтүүнү) каттоодо контролдук-кассалык машина тариздеген документтердин жыйынтыктарынын суммасы;
4) контролдук-кассалык машиналар (мындан ары – ККМ) – банктык төлөм карточкалары жана чектери, электрондук жана накталай акча каражаттары аркылуу кызмат көрсөтүү жана иштерди аткаруу же соода операцияларында жүргүзүлгөн акчалай эсептешүүлөрдү пайдаланууга багытталган фискалдык эстутуму бар техникалык (аппараттык-программалык) каражаттар.
Фискалдык эстутуму бар техникалык (аппараттык-программалык) каражат болуп шифрдүү түрдө фискалдык маалыматтардын оператору (мындан ары – ФМО) катары маалыматтарды топтоонун, берүүнүн жана сактоонун техникалык процессин камсыз кылуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу салык органына жана/же башка органга реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды оңдолбогон ар бир суткалык (нөөмөт сайын) каттоо, узак убакытка сактоо, иштеп чыгуу жана берүү, чогултуу үчүн колдонулуучу программалык башкаруу орнотулган техникалык каражат саналат.
5) контролдук-кассалык чек – эсептешүү операциясын жүргүзүүдө акчалай эсептешүү фактысын ырастаган кагаз жана/же электрондук түрдө берилүүчү жана ККМ түзүүчү алгачкы эсепке алуу документи;
6) аутентификациялоонун криптографиялык коду – маалымат булагын аутентификациялоону камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасы тарабынан ыйгарылуучу символдордун атайын топтому;
7) криптографиялык текшерүү коду – криптографиялык алгоритмдердин негизинде анын параметрлеринен эсептелинген документтин контролдук суммасы.
Криптографиялык текшерүү коду фискалдык маалыматтарды түзүүдө, басып чыгарууда жана ККМге сактоодо санкцияланбаган оңдоолорду табуу максатында колдонулат;
8) ККМдин модели – даярдоочу/иштеп чыгуучу тарабынан ыйгарылган уникалдуу аталышы жана номери бар түзүлүштүн же программалык камсыздоонун түрү (тиби);