Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 72, 2022- жылдын 30-марты № 177, 2022 жылдын 31-майындагы № 292, 2024-жылдын 7-октябрындагы № 604, 2026-жылдын 3-февралындагы № 54, 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 218, 2026-жылдын 18-августундагы № 557 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүнүшү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы төмөнкүлөрдү тейлөөчү орган болуп саналат:
- дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуу боюнча;
- (үчүнчү абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 218 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Евразия экономикалык бирлигинин алкагында дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптерине жана эрежелерине ылайык дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү ишти жөнгө салуу боюнча.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 218 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Департамент өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" жана "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерин, Министрликтин буйруктарын жана тескемелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тартылган мөөрү, штампы, мамлекеттик жана расмий тилдердеги фирмалык бланктары, банктык жана казыналык системаларда алыш-бериш, атайын жана башка эсептери бар.
4. Департаменттин өзүнүн аймактык бөлүнүшү бар, ал Департаменттин директору тарабынан бекитилген жобонун негизинде филиал укугунда иштейт.
5. Департаменттин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти" (кыскартылган аталышы: "ДКжМБД");
- расмий тилде: "Департамент лекарственных средств и медицинских изделий при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики" (кыскартылган аталышы: "ДЛСиМИ").
6. Департаменттин юридикалык дареги: 720000, Бишкек шаары, 3-линия көч., 25.