Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2020-жылдын 1-апрели № 192

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Дж.Байбакпаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

М.Д. Абылгазиев

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-апрелиндеги № 192 токтому менен жактырылган

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Дж.Байбакпаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келет.

Бул мыйзамдын долбоору импортердун өзү тарабынан түздөн-түз кайра иштетилүүгө арналган эгиндин импортун жана кошумча нарк салыгынан (мындан ары - КНС) 5 жылдык мөөнөткө бошотулган эгинден импортердун өзү өндүргөн унду жеткирүүнү КНС төлөөдөн бошотууну карайт.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, ошондой эле азык түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү, республиканын ун иштетүүчү ишканаларын коргоо жана өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сунушталган мыйзамдын долбоорунун концепциясын жалпысынан колдойт.

Ошону менен бирге мамлекеттик материалдык резерв системасын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан калктын социалдык жактан аялуу катмарынын керектөөлөрүн камсыз кылуу үчүн азык-түлүк буудайын коюу, сактоо жана кайра иштетүү максатында мыйзамдын долбоорунун 1-беренесин төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:

"1-берене.

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 923-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: