Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 254 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2020-жылдын 10-февралы № 74
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 263, 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөө системасын тартипке келтирүү, алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмү, 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчыларынын кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык кошумча акынын өлчөмү, 2-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчыларына төмөнкүлөрдүн төлөнө тургандыгы белгиленсин:
1) эмгек өргүүсүнө чыгууда - ден соолугун чыңдоого жөлөкпул эки орточо айлык эмгек акынын өлчөмүндө;
2) иштин сапаты жана натыйжасы, кесипкөйлүгү, ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн кызматкерлердин кызматтык маяналарына 50 пайызга чейинки өлчөмдө кошумча акы;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык илимий даражасы үчүн кошумча акы;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жашыруун мүнөздөгү иш үчүн кошумча акы;