Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-июлундагы № 390 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2020-жылдын 15-апрели № 207

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 57 "Дары-дармек жана медициналык каражаттарды Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 57 "Дары-дармек жана медициналык каражаттарды Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салынган дары-дармек жана медициналык каражаттардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:

"*** 6307 90 980 0 ЕАЭБ ТЭИ ТН коду менен классификацияланган коргоочу маскалар жана медициналык эмес багыттагы респираторлор ЕАЭБдин мүчө мамлекеттерине төмөнкүлөрдүн негизинде экспорттолот:

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин экспорттолуучу товар медициналык максатта колдонулбай тургандыгы жана медициналык буюм болуп саналбай тургандыгы жөнүндө расмий маалыматынын;

- товар Кыргыз Республикасынан чыгарылгандыгы жөнүндө сертификаттын.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев