Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-февралындагы № 95
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-марты № 164
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-майындагы № 241, 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 357 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345, 352 жана 355-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) токтомдун аталышы "345, 352 жана 355-беренелеринин" деген сөздөрдөн кийин "жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын" деген сөздөр менен толукталсын;
2) преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345, 352 жана 355-беренелеринин жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын ишке ашыруу, салык милдеттенмелерин, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттенмелерди аткаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана патенттин негизинде иш жүргүзгөн ишкердик субъекттерге ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын -10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:";
3) мамлекеттик тилдеги текстинин 1-пунктунун экинчи абзацындагы "органдарына" деген сөз "органдарында" деген сөз менен алмаштырылсын;
4) 2-6-тиркемелери ушул токтомдун 1-5-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык органдарына патентти кагаз жүзүндө же электрондук форматта берүүнүн тартибинде:
- мамлекеттик тилдеги текстинин аталышындагы "органдарына" деген сөз "органдарында" деген сөз менен алмаштырылсын;
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 7-беренелерине ылайык иштелип чыккан жана салык органдары тарабынан салык төлөөчүлөргө ыктыярдуу, милдеттүү патентти жана милдеттүү түрдө патент алууга тийиш болгон иштин чөйрөсүндө эмгектенген жалданма кызматкерлерге патентти кагаз жүзүндө же электрондук форматта (электрондук патент) документ түрүндө берүү тартибин белгилейт.";
- 1-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"электрондук патент - ЫУСО веб-сайты аркылуу алынган, салык төлөөчүнүн иштин белгилүү бир түрүн жүргүзүүгө укугун, салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнгөндүгүн күбөлөндүрүүчү жана патентти колдонуу мөөнөтүнүн ичинде кирешелерди алууну ырастаган электрондук документ.";
- 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: