Загрузка документа…
| 18-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна) |
|
Товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык текшерип кароону жана кароону уюштуруу жана жүргүзүү боюнча нускама
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы N 319, 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама товарларды, транспорт каражаттарын чыгарганга чейин бажылык текшерип кароону жана кароону уюштурууну, жүргүзүүнү жана жыйынтыгын тариздөөнү аныктайт.
2. Товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык текшерип кароо жана кароо Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине (мындан ары - Кодекс), бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге, актыларга, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) жана ушул Нускамага ылайык жүргүзүлөт.
2. Товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык текшерип кароону жана кароону уюштуруу
3. Товарларды, транспорт каражаттарын бажылык текшерип кароо болуп кызмат адамдарынын төмөнкүлөр менен байланышкан аракеттери эсептелет:
1) товарлардын таңгагын же транспорт каражатынын жүк коюучу жерин же болбосо товарларга коюлган бажы пломбаларынын же идентафикациялоонун башка каражаттарынын бузулушу менен товарлар жайгашкан же жайгашышы мүмкүн болгон идиштерди, контейнерлерди жана башка жерлерди ачуу, текшерилүүчү объекттерди жана алардын бөлүктөрүн башка ыкмалар менен ажыратуу, демонтаждоо же бүтүндүгүн бузуу менен;
2) товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүдө жана товарларды жана транспорт каражаттарына карата бажы операцияларын жүргүзүүдө берилген документтерде камтылган маалыматтарды салыштыруу менен;
3) товарлар жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматтардын билдирилген маалыматтарга же берилген документтерге туура келишин салыштыруу менен.
4. Товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык текшерип кароо Мыйзамдын 131-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген негиздер боюнча дайындалат.
5. Деңгээлине жараша бажылык текшерип кароо төмөнкүдөй болушу мүмкүн:
1) толук - бардык жүк салынуучу жайларды ачуу менен жүк салынуучу жайларды кайра эсептөө жана/же өлчөө менен;
2) жарым-жартылай - жүк салынуучу жайларды ачуу менен жүк салынуучу жайларды тандап кайра эсептөө жана/же өлчөө менен.
6. Бажылык текшерип кароонун деңгээли жана методу кооптуулуктар профилин туш келди тандоо ыкмасын колдонуу менен кооптуулукту башкаруу системасы аркылуу же бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталган жактарды категорияга бөлүүнүн жыйынтыгы боюнча белгилениши керек.
Эгерде бажылык текшерип кароонун деңгээли жана методу кооптуулуктарды башкаруу системасы менен белгиленбесе, бажылык текшерип кароонун деңгээлин жана методун бажы органынын кызмат адамы аныктайт.
7. Эл аралык ташуунун товарларынын жана транспорт каражаттарынын түрүнө жараша жарым-жартылай бажылык текшерип кароо товарлардын белгилүү санына же пайыздык катышына карата же транспорт каражаттарынын жүк салуучу бөлүгүнө узатасынан (оң, сол, ортосу) "коридор" тибиндеги өтмөктү уюштуруу менен жүргүзүлөт.