Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-июну № 350
2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 62 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Ушул токтомдун 1-пункту менен жактырылган 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Караңыз:
КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI "2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жана "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен суралсын:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программада:
Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программанын "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин мамлекеттин менчигинде болуучу объекттердин тизмеги" 1-тиркемесинде:
17 жана 18-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 38 жана 39-пункттар менен толукталсын:
"
38 | Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы "Солнышко" пансионатынын аймагында жайгашкан аянты 11,029 га жер участогу (кыймылсыз мүлктүн 5 бирдиги менен) |
39 | Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жайгашкан аянты 9,32 га жер участогу (кыймылсыз мүлктүн 91 бирдиги менен) |
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 662 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2020-жылдын 22-июну № 350