КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-ноябры № 554
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн илим чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 32 , 2024-жылдын 16-февралындагы № 60 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын илим жаатындагы мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 60 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтунун уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтунун уставында:
- 23-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23. Институттун директору кызмат ордуна саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан 70 жаш курактан ашпаган, тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бир адистердин ичинен 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар адис жок учурда тиешелүү багыттагы илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.
Бир эле адам Институттун директору кызмат ордуна катары менен экиден ашык мөөнөткө дайындала албайт.";
- 26-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26. Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчиси Институттун директорунун кызмат орду бош болсо, анын милдеттерин аткарууну Институттун директорунун орун басарына үч айдан ашпаган мөөнөткө жүктөйт.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-мартындагы № 120 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук хирургия борборунун уставын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук хирургия борборунун уставында:
- 23-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23. УХБ директору кызмат ордуна саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан 70 жаш курактан ашпаган, тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар адистердин ичинен 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар адис жок учурда тиешелүү багыттагы илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.
Бир эле адам УХБ директору кызмат ордуна катары менен экиден ашык мөөнөткө дайындала албайт.";
- 25-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: