КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-ноябры № 550
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу"Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесин түзүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жарандарынын иш менен камсыз болуусун, ишканаларынын өндүрүмдүүлүгүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле 2017-жылдын 13-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (№ 0552-KGZ-(SF) ылайык кабыл алынган милдеттенмелерди аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемеси түзүлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык )
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесинин уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунун экинчи абзацындагы "23-3" деген цифралар "23-4" деген цифралар менен алмаштырылсын;
2) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 234-тиркеме менен толукталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин башкаруу схемасы төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемеси |
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу"Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесинин иштөөсү үчүн коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө шарттарында жай берсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык )
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-ноябры № 550
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу"Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесин түзүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 318, 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жарандарынын иш менен камсыз болуусун, ишканаларынын өндүрүмдүүлүгүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле 2017-жылдын 13-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (№ 0552-KGZ-(SF) ылайык кабыл алынган милдеттенмелерди аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемеси түзүлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык )
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесинин уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык күчүн жоготту)