Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-октябры № 523
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411, 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Пенсия чектөө, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтоо каражаттарын төлөп берүү үчүн камсыздандырылган адамдардын кайрылуу тартибинин жол-жоболорун актуалдаштыруу жана өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 316 "Камсыздандырылган адамдардын топтолмо пенсиялык фондду же башкаруучу компанияларды тандоо укугун ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Камсыздандырылган адамдардын топтолмо пенсиялык фондду же башкаруучу компанияларды тандоо тартибинде:
4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- кайрылмандын расмий статусуна ээ болгон адамдар үчүн - кайрылмандын күбөлүгү.".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-октябрындагы № 717 "Топтолгон пенсияны бир топтомо пенсиялык фонддон башка топтомо пенсиялык фондго же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна которуу тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Топтолгон пенсияны бир топтомо пенсиялык фонддон башка топтомо пенсиялык фондго же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна которуу тартибинде:
- 11-пунктунда:
2-пунктчасы "паспорт" деген сөздөн кийин "(ID-карта)" деген сөздөр менен толукталсын;";
төмөнкүдөй мазмундагы 41-пунктчасы менен толукталсын:
"41) кайрылмандын расмий статусуна ээ болгон адамдар үчүн - кайрылмандын күбөлүгү.";
- Топтолгон пенсияны бир топтомо пенсиялык фонддон башка пенсиялык топтомо фондго же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна которуу тартибинин 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.