Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы № 257 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 363 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандарты
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандарты (мындан ары - Мамлекеттик стандарт) мектепке чейинки билим берүүгө жана 6 айдан 7 жашка чейинки балдарды багууга коюлуучу бирдиктүү минималдуу талаптарды белгилөөчү, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүчүлүгүнө карабастан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бардык типтери жана түрлөрү үчүн милдеттүү болуп саналган мектепке чейинки билим берүүнүн негизги документи болуп саналат.
Мамлекеттик стандарт мамлекет жана башка кызыкдар субъекттер тарабынан көрсөтүлүүчү жана ишке ашырылуучу билим берүү, медициналык, укуктук, уюштуруучулук кызматтарга жана иш-чараларга карата талаптардын жыйындысын билдирет. Мамлекеттик стандарт мектепке чейинки курактагы балдарга жеткиликтүү жана сапаттуу билим берүүнү жана багууну камсыздоого багытталат, максаттарды, милдеттерди, базистик мазмунду, системалуулукту жана мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун негизги принциптерин билдирет.
Мамлекеттик стандарт Кыргыз Республикасынын Конституциясында, Баланын укуктары жөнүндө конвенцияда, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинде, "Билим берүү жөнүндө", "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө", "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган принциптерге, ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо жана коопсуз чөйрөнү түзүү жаатындагы башка ченемдик укуктук документтердин принциптерине негизделет.
2. Ушул Мамлекеттик стандартта төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
тарбиялоо - коомдук көрүнүш, педагогикалык процесстин катышуучуларынын (ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр, педагогдор, коомчулук) өз ара аракеттенүү процесси, анда баланы өнүктүрүүгө жана өз алдынча өнүгүүсүнө түрткү берүүчү методдор жана ыкмалар колдонулат;
тарбиячы - наристе жана мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү боюнча адис, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында багуу, кароо, өнүктүрүү, тарбиялоо жана билим берүү боюнча иш алып барат;
экинчи тил (Т2) - баланын эне тилинен жана/же биринчи тилинен кийин билген тили. Коомдо тилди билгендердин жана экинчи тил үчүн табигый чөйрөнүн болгондугу менен чет тилинен айырмаланат;
гендер - ар башка жыныстагы адамдардын ээ болгон, социалдык жактан бекемделген жүрүм-туруму; аялдардын жана эркектердин ортосундагы мамилелердин жашоонун бардык чөйрөлөрүндө, анын ичинде саясатта, экономикада, укукта, идеологияда жана маданиятта, билим берүүдө жана илимде көрүнүүчү социалдык аспектиси;
гендердик стереотиптер - эркектер менен аялдардын ортосундагы социалдык айырмачылыктар жөнүндө ошол мезгилде ошол коом үчүн туруктуу түшүнүктөр;
гендердик теңчилик - аялдардын (кыздардын) жана эркектердин (эркек балдардын) бирдей укуктук статусу жана аны ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр, алар адамдарга жынысына карабастан жашоонун саясий, экономикалык, эмгектик, социалдык, коомдук жана маданий чөйрөлөрүнө катышуу үчүн өзүнүн жөндөмдүүлүктөрүн эркин пайдаланууга шарт түзөт;
гувернантка (гувернер) - үйдөгү тарбиячы, үй-бүлөлөрдөгү балдардын насаатчысы, тарбиялоо жана баштапкы окутуу үчүн жалданган адам;
басмырлоо - расасынын, терисинин түсүнүн, жынысынын, тилинин, дининин, саясий же башка ишенимдеринин, улуттук же социалдык тегинин, мүлктүк абалынын, төрөлүүсүнүн же башка жагдайлардын белгилерине негизделген бардык айырмачылык, жокко чыгаруу, чектөө же артык көрүү, максатка же натыйжага ээ жок кылуу же бардык адамдардын бирдей башталышта бардык укуктарын жана эркиндигин таануусун, пайдалануусун же жүзөгө ашыруусун төмөндөтүү;