Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2020-жылдын 16-декабры № 610

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин карамагындагы мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөө системасын тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы "245"деген цифралар "246" деген цифралар менен алмаштырылсын;

2) 7-пунктунун биринчи абзацы "245" деген цифралардан кийин 246" деген цифралар менен толукталсын;

3) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

4) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда 246-тиркеме менен толукталсын.

2. Ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар бекитилген штаттык сандын жана 2020-жылга жана келерки жылдарга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-январындагы № 1 (3180) жарыяланды

 

Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

 

 

А.Э. Новиков

 

 

 

 

1-тиркеме

 

 

 

 

 

"1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин карамагындагы мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү

№

Кызмат орундарынын аталыштары

Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом менен)

1. Жол чарба департаментинин аппараты

1

Директор

17500

2

Директордун орун басары

16000

3

Директордун орун басары

10000

4

Башкы бухгалтер

14000

5

Бөлүмдүн начальниги

14000

6

Башкы адис

12000

7

Жетектөөчү адис

11000

8

Адис

9500

2. Автомобилдик жолдор башкармалыгынын аппараты

9

Начальник

12300

10

Башкы инженер

11900

11

Начальниктин орун басары

11500

12

Башкы бухгалтер

11100

13

Бөлүмдүн начальниги

11100

14

Башкы адис

10000

15

Жетектөөчү адис

9500

16

Адис

8800

3. Жол-эксплуатациялык мекемелердин аппараттары

17

Начальник

11500

18

Башкы инженер

11000

19

Башкы бухгалтер

10500

20

Бөлүмдүн начальниги

10500

21

Башкы адис

9800

22

Жетектөөчү адис

9200

23

Адис

8500

4. Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттиги

24

Посттордогу транспорттук контролдоо кызматынын начальниги

9800

25

Башкы инспектор

7400

26

Улук инспектор

6900

27

Инспектор

5900

Эскертүү: өзгөрмө графиги менен иштеген Жол чарба департаментинин кызматкерлерине эмгек акы жумушчу убакытты эсепке алуу табелинин негизинде иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн төлөнө тургандыгы белгиленсин.".

 

 

 

2-тиркеме

 

 

 

 

 

"246-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин карамагындагы мамлекеттик мекемелердин техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү

№

Кесиптердин аталыштары

Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом менен)

1

Жеңил автомобилдин айдоочусу

6500

2

Кароолчу, кампачы

4000

3

Кызматтык жайларды жана залды тазалоочу

3800