Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2020-жылдын 4-сентябры № 470

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 551,  КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы № 161 "Кыргыз Республикасынын укук коопсуздук органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 637 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматты жоюу жөнүндө" токтомунун 6-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жапа Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында колдонулуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесинде:

- 42-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 219 "Баткен" аэропортуна эл аралык аэропорттун статусун берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 5-пунктундагы "Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат" деген сөздөр "Ички иштер министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-апрелиндеги № 237 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын интернет-ресурстарынын даректерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын интернет-ресурстарынын даректеринде:

- ''Мамлекеттик кызматтар" бөлүмүнүн тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

4. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 551 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-майындагы № 384 "Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин кийим-кече предметтеринин, атрибуттарынын жана айырмалоо белгилеринин сыпаттамасын бекитүү жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-ноябрындагы № 875 "Баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын убактылуу бөлөк кармоочу жайынын ички тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому;