Сравнение редакций…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 248 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) тандоо боюнча жобо
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514 , КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-августундагы № 452 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо маркалоо системасынын иштөөсүн жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнү, Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин башка улуттук операторлорунун (администраторлорунун) суроо-талабы боюнча маркалоо коддорун берүүнү камсыз кылуучу Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) (мындан ары - улуттук оператор) тандоо тартибин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Улуттук операторду тандоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү курамын аныктаган ведомстволор аралык комиссия тарабынан ишке ашырылат.
3. Ушул жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасы ("Товарларды маркалоо" АМС) - маркаланууга тийиш товарды санариптик идентификациялоо каражаттары менен камсыз кылуучу маалыматтык система;
2) тандоонун катышуучусу - менчигинде мамлекеттин үлүшү бар уюм;
3) тандоого катышуу үчүн өтүнмө - катышуучунун сунуштарын, ошондой эле тандоонун катышуусуна коюлуучу талаптарга катышуучунун шайкеш келүүсүн ырастоочу маалыматтарды камтыган документтердин пакети.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514 токтомунун редакциясына ылайык)
3-1. "Товарларды маркалоо" мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасынын ээси жана аны ишке киргизүүгө жана жүргүзүүгө жооптуу болуп саналган ыйгарым укуктуу салык органы өзүнүн ведомстволук бөлүмүн конкурс өткөрбөстөн Кыргыз Республикасында товарларды маркалоо системасынын улуттук оператору катары өз алдынча аныктоого укуктуу.
Ыйгарым укуктуу салык органы өзүнүн ведомстволук бөлүмүн аныктаган учурда улуттук операторду аныктоо жөнүндө чечимди 3 (үч) жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-августундагы № 452 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Улуттук операторду тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия
4. Улуттук операторду тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул жобону жетекчиликке алат.
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 248 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) тандоо боюнча жобо
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514 , КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-августундагы № 452, 2026-жылдын 13-майындагы № 335 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо маркалоо системасынын иштөөсүн жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнү, Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин башка улуттук операторлорунун (администраторлорунун) суроо-талабы боюнча маркалоо коддорун берүүнү камсыз кылуучу Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) (мындан ары - улуттук оператор) тандоо тартибин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Улуттук операторду тандоо курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ведомстволор аралык комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
Ыйгарым укуктуу салык органынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен мамлекеттик орган же менчигинде мамлекеттин үлүшү бар уюм улуттук оператор болуп аныкталган учурда тандоо жүргүзүлбөйт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 335 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат: