Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 17-марты № 160
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 771 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүүнүн маселелерин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 771 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жободо:
-16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Контракт боюнча аскердик кызматка өтүп жаткан, мыйзам менен аскердик кызмат каралган улуттук коопсуздук мамлекеттик органында аскер кызматын өтөп жаткандарды, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, офицердик наамы бар жана көрсөтүлгөн органда запаста турган жарандарды жана тиешелүү окуу жайларына тапшырып жаткан жарандарга медициналык күбөлөндүрүүнү уюштуруу жана өткөрүү тартиби ушул пунктта көрсөтүлгөн орган тарабынан аныкталат.";
жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемесинде:
- 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
12 | Өсүүдөгү психофизикалык инфантилизм |
|
|
|
|
|
|
| а) Дененин массасы 45 кг кем, бою 150 см жапыз | Тынчтык убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убакта жарактуулугу чектелүү | Жараксыз | Жараксыз | Жараксыз | Жараксыз | Жараксыз |
| б) Эркектер үчүн бою 160 см жапыз жана аялдар үчүн 158 см жапыз (аскердик ЖОЖго өтүүчү талапкерлер, эркектер үчүн 157 см жапыз, 18 жашка чыга элек кыздар үчүн 155 см жапыз) тамактануусунун жетишпестиги (ДСИ-18,5 кем) жана тамактануусунун аздыгы (ДСИ-18,5-19,5) | Ден соолугунун абалы боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу | Жараксыз | - | - | - | - |
жогоруда аталган Жобонун 3-тиркемесинде:
- 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Күбөлөндүрүүчүнүн дене түзүлүшүнүн өнүгүү деңгээли жөнүндө корутунду булчуң системасынын өнүгүү даражасына, бойго жана дененин салмагына, көкүрөктүн айланасына баа берүүнүн негизинде жекече гана берилет. Булчуң системасынын өрчүүсүнө баа берүүдө тери алдындагы -май клеткаларынын чогулуу деңгээли, ошондой эле рельефтүү эмес булчуңдары менен бою узун адамдардын скелеттик булчуңунун өзгөчөлүгү эске алынат.
Булчуң системасынын начар өрчүүсү булчуңдун былбырап калышы, контурлардын рельефинин жоктугу жана булчуң массасынын жетишпестиги, акырек жана далынын чыгышы, көкүрөк клеткасынын өсүүсүнүн кечигиши, далынын төмөнкү бурчтарынын таралуусу (канат сымал далылар) менен мүнөздөлөт.