Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 729 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 токтомуна) |
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускама
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 24, 2021-жылдын 17-февралындагы № 49, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93, 2022-жылдын 12-июлундагы № 366, 2023-жылдын 18-майындагы № 268 , 2023-жылдын 24-июлундагы № 373 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускамада камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн, төлөөнүн жана эсепке алуунун, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетторду түзүүнүн тартиби аныкталат.
2. Ушул Нускамада төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) камсыздоочунун алыш-бериш эсеби - Бирдиктүү казыналык эсептеги камсыздандыруу төгүмдөрүн, туумдарды жана айыптык санкцияларды чегерүү үчүн арналган эсеп.
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 366 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) кошумча эмгек акы төлөө фонду - иш жүзүндө иштеген күндөрүнүн санына жараша өткөн календардык жылда республиканын райондорунда жана шаарларында белгиленген орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 60 пайызына чейин кошумча эсептелген сумма;
4) камсыздандырылган адам - анын пайдасына мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жүргүзүлгөн жеке жак;
5) эмгек акы - татаалдыгына, санына, сапатына жана шарттарына жараша эмгеги үчүн сый акы (ордун толтуруу), ошондой эле компенсациялоочу жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр. Эмгек акыга карата эсептелген райондук коэффициенттен сырткары, үстөк акы жана кошумча акы түрүндө компенсациялоочу жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр кызматтык (тарифтик) маянага карата абсолюттук чоңдукта же пайыздарда белгиленет;
6) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыз - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы;
7) туумдар жана айыптар боюнча карыз - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык эсептелген туумдардын жана айыптардын төлөнбөгөн суммалары;
8) жер үлүшү - менчик укугу күбөлүк менен ырасталган Кыргыз Республикасынын жаранына жер-агрардык реформанын жүрүшүндө акысыз менчикке берилген айыл чарба багытындагы (чарба жерлер боюнча) жер участогу;
9) жер пайдалануучу - жер участогун пайдалануу укугу мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген, өткөрүлүп берилген же өткөн жеке же юридикалык жак;