Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-февралындагы № 113 токтомуна) |
Мамлекеттик санариптик платформа аркылуу санариптик формадагы кызмат көрсөтүүлөрдүн жана тейлөөлөрдүн убактылуу тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Мамлекеттик санариптик платформа аркылуу санариптик формадагы кызмат көрсөтүүлөрдүн жана тейлөөлөрдүн убактылуу тартиби (мындан ары - Убактылуу тартип) жеке жана юридикалык жактарга "Мамлекет платформа катары" пилоттук долбоорун ишке ашыруунун алкагында кызматтарды көрсөтүүнүн жана тейлөөлөрдүн инновациялык ыкмаларынын тартибин аныктайт.
2. Пилоттук долбоордун алкагында санариптик формадагы кызмат көрсөтүүлөр жана тейлөөлөр ушул Убактылуу тартипте белгиленген шарттарда, пилоттоштуруунун катышуучуларынын реестринде көрсөтүлгөн пилоттоштуруунун катышуучуларынын маалыматтык системалары жана программалык тиркемелери (мобилдик же интернет-тиркемени, жеке кабинетти, мобилдик же интернет-банкингди кошкондо) аркылуу колдонуучулардын жетүү каражаттарын пайдалануу менен көрсөтүлөт.
3. Ушул Убактылуу тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) мамлекеттик санариптик платформа (МСП) - бирдиктүү көп каналдуу интерактивдүү санариптик платформа, ал пилоттоштуруунун катышуучуларынын, колдонуучулардын жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн алгоритмдештирилген өз ара мамилелерин колдоочу, аларды интеграцияланган кызмат көрсөтүүлөр жана тейлөөлөр менен камсыздоочу, жаңы катышуучуларды кошуу (ачык пайдалануу) үчүн мүмкүндүк берүүчү программалык-аппараттык чөйрөнү (маалыматтык система) билдирет;
2) пилоттоштуруунун катышуучулары - тиешелүү лицензиясы бар мобилдик уюлдук байланыш операторлору, коммерциялык банктар, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы көзөмөлдөгөн башка юридикалык жактар (төлөм кызматтарын көрсөтүүчү жактар), ошондой эле пилоттоштуруунун катышуучуларынын реестринде көрсөтүлгөн юридикалык жактар;
3) колдонуучу - коммерциялык банктын, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы көзөмөлдөгөн башка юридикалык жактардын кардары же мобилдик уюлдук байланыш операторунун абоненти болгон жана пилоттоштуруунун катышуучуларынын тиешелүү программалык тиркемеси, маалыматтык системасы аркылуу МСП жардамы менен санариптик формадагы кызмат көрсөтүүнү жана тейлөөнү пайдаланууга суроо-талап берген жеке же юридикалык жак;
4) тейлөө - кызматтарды электрондук түрдө көрсөтүү ыкмасы, анын ичинде мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды автоматташтырылган ыкмада көрсөтүү жана функцияларды МСП аркылуу ишке ашыруу максатында.
Тейлөөлөр супертейлөө мүнөзүнө ээ боло алат - комплекстүү кызматтарды көрсөтүү, анын ичинде колдонуучунун бир суроо-талабы боюнча автоматташтырылган ыкма менен түзүлгөн комплекстүү жооп берүү;
5) кызмат көрсөтүүчүлөр - "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына туташтырылган тиешелүү маалыматтык системанын менчик ээсинин (ээлик кылуучунун) ыйгарым укуктарын аткарышкан жана пилоттук долбоордун алкагында колдонуучуларга МСП аркылуу кызматтарды көрсөтүшкөн жана тейлешкен мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана/же муниципалдык мекемелер жана ишканалар;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - пилоттук долбоорду ишке ашырууга жооптуу Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги;
7) "Мамлекет платформа катары" пилоттук долбоору - жеке жана юридикалык жактарга "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жаппы көп каналдуу интерактивдүү санариптик платформанын жардамы менен санариптик формадагы кызматтарды көрсөтүүнүн жана тейлөөлөрдүн инновациялык ыкмаларын ишке киргизүү боюнча пилоттук долбоор;
8) пилоттоштуруунун катышуучуларынын реестри (Реестр) - маалыматтык чакан система, ал аркылуу пилоттоштуруунун катышуучулары, алардын маалыматтык системалары, программалык тиркемелери, пилоттук долбоордун алкагында кызматтарды көрсөтүүчүлөр тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар/тейлөөлөр жөнүндө маалыматтарды топтоо, эсепке алуу жана берүү ишке ашырылат.
Реестрди жүргүзүү тартибин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт;
9) кызмат көрсөтүү - МСП аркылуу санариптик (электрондук) формада көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат көрсөтүү;