Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 6-ноябры № 540
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык салуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 , КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 , 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 , 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Салык салуу маселелери боюнча мыйзам алдындагы актыларды соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган кодекстерге шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 328 "Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан (аймагына) Кыргыз Республикасынын аймагына (аймагынан) товарларды убактылуу ташып келүү (ташып чыгуу) жөнүндө кабарлоону берүүнүн тартиптерин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды убактылуу ташып келүү жөнүндө кабарлоону берүүнүн тартибинде:
- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Кабарлоо өз убагында берилбеген учурда салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин аймагына товарларды убактылуу ташып чыгуу жөнүндө кабарлоону берүүнүн тартибинде:
- 13-пунктундагы "административдик жоопкерчилик жөнүндө" деген сөздөр "бузуулар жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. (КР Өкмөтүнүн 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221 токтомуна ылайык күчүн жоготту)