КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 20-майы № 262
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогорку жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 258, 2025-жылдын 17-февралындагы № 76 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн өзгөчө кырдаалдын/өзгөчө абалдын шарттарында жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо маселелерин укуктук жактан жөнгө салуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмдары жөнүндө жободо:
- 1.7-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги" деген сөздөр "билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2.2-пунктундагы "Билим жана маданият министрлиги" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 3.1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги" деген сөздөр "билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3.7 жана 3.8-пункттарындагы "Билим жана маданият министрлиги" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 3.11-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги" деген сөздөр "билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5.9-пунктундагы "Билим жана маданият министрлиги" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 5.11-пунктундагы "Билим жана маданият министрлиги" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 6.5-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги" деген сөздөр "билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 258 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 258 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 76 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.