Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2020-жылдын 20-майы № 262

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогорку жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы N 258 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн өзгөчө кырдаалдын/өзгөчө абалдын шарттарында жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо маселелерин укуктук жактан жөнгө салуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмдары жөнүндө жободо:

- 1.7-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги" деген сөздөр "билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2.2-пунктундагы "Билим жана маданият министрлиги" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 3.1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги" деген сөздөр "билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3.7 жана 3.8-пункттарындагы "Билим жана маданият министрлиги" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 3.11-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги" деген сөздөр "билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5.9-пунктундагы "Билим жана маданият министрлиги" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 5.11-пунктундагы "Билим жана маданият министрлиги" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 6.5-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги" деген сөздөр "билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы N 258 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы N 258 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 354 "Аралыктан билим берүү технологиясын колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларын колдонуунун тартибинде:

- 20-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-төртүнчү абзацтар менен толукталсын: