Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2020-жылдын 18-марты № 168

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84, 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Салыктык башкарууну өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы № 876 "Кыргыз Республикасынын спирт жана алкоголь өнөр жайында түзүлгөн оор кырдаалды жоюу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 4, 7, 9, 10-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-январындагы № 26 "Аракка болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 4-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине" деген сөздөр "этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 6-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги" деген сөздөр "этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84 токтомуна ылайык) КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 771 "4-топтогу мүлк объекттерине салыктын толук чогулуусун камсыз кылуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункту, 2-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары жана 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 603 "Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:

- 52-пунктундагы "24" деген цифралар "72" деген цифралар менен алмаштырылсын.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 32 (3104) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Д. Абылгазиев