Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 4-сентябрындагы № 445
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме 2 |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-майындагы № 274 токтомуна) |
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчөлөрдү тандоо, көрсөтүү тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 109, 2022-жылдын 7-сентябрындагы N 486 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчөлөрдү тандоо, көрсөтүү жол-жоболорун аныктайт.
2. Ушул Тартиптин максаттары үчүн төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
акционер - чарбакер коомдун акционеринин (катышуучусунун) укуктарын ишке ашырган ыйгарым укуктуу орган, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги же Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду;
мамлекеттик өкүл - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, Финансы министрлигинин, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин же Социалдык фонддун сунушу боюнча чарбакер коомдун башкаруу органдарына көрсөтүлгөн, шайланган же дайындалган адам;
Ведомстволор аралык комиссия - мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мамлекеттик өкүлдөрдү тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия;
директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү - "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде белгиленген критерийлерге шайкеш келген директорлор кеңешинин мүчөсү;
кадрлар резерви - ыйгарым укуктуу орган, Финансы министрлиги, Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Социалдык фонд тарабынан түзүлгөн чарбакер коомдордун башкаруу органдарында мамлекеттик өкүлдүн кызмат ордуна талапкерлердин резерви;
Катчылык - мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорду башкаруу органдарына мамлекеттик өкүлдөрдү тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын катчылыгы;
Финансы министрлиги - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
Санариптик өнүктүрүү министрлиги - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги;
Социалдык фонд - Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду;