Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому

2020-жылдын 8-июну № 311

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 319 "2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу пpoграммасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 319 токтому менен бекитилген 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 319 "2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"- 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасынын үчүнчү этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы 4-тиркемеге ылайык.";

- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 4-тиркеме менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 30-июнундагы № 50(3122) жарыяланды

Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

 

 

К.А. Боронов

 

 

"4-тиркеме

2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасынын үчүнчү этабын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ

№

Милдеттер

Ишке ашырылуучу иш-чаралар

Күтүлүүчү жыйынтыктар

Аткаруу мөөнөтү

Аткаруучулар

Каржылоо булактары

1-багыт

Мектеп жашындагы балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу

1

Финансылык сабаттуулукка класстан тышкаркы окутуу

Мектептен тышкары билим берүү борборлорунун базасында финансылык сабаттуулук боюнча

ийримдерди түзүү

10 мектептен тышкары билим берүү борборунун базасында окуучуларга класстан тышкаркы окутуулар туруктуу негизде жүргүзүлөт

2020-жылдын ичинде

БИМ, УБ (макулдашуу боюнча)

Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде

2

Жаштардын финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу

Жаштарды чоң кишилер үчүн бирдейлештирилген финансылык сабаттуулук курсу боюнча окутуу

100дөн кем эмес адам окутулду

2020-жылдын ичинде

Жаштар жана спорт агенттиги, УБ (макулдашуу боюнча), Финкөзөмөл, БИМ, макулдашуу боюнча: ФКУ, КЭУ, "КФБ" ЖАК, бизнес-ассоциациялар

Донорлордун каражаттарынын эсебинен

3

Окутуучуларды финансылык сабаттуулук боюнча окутуу

Мектептердин, билим берүү мекемелеринин окутуучу курамы үчүн финансылык сабаттуулук боюнча курстарды өткөрүү

50дөн ашык окутуучу окутулду

2020-жылдын ичинде

БИМ, УБ (макулдашуу боюнча)

БИМдин бекитилген бюджетинин чегинде, донорлордун каражаттарынын эсебинен

2-бaгыт

Жарандардын финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу

4

Чоң кишилерди финансылык сабаттуулукка окутуу

Чоң кишилерди финансылык сабаттуулукка окутуу боюнча курстарды уюштуруу

200дөн кем эмес жарандар окутулду

2020-жылдын ичинде

УБ (макулдашуу боюнча), Финкөзөмөл, макулдашуу боюнча: ФКУ, КЭУ, "КФБ" ЖАК, бизнес-ассоциациялар

Бекитилген бюджеттин чегинде, донорлордун каражаттарынын эсебинен

5

Калкка финансылык сабаттуулук маселелери боюнча консультациялык колдоо көрсөтүү

Финансылык aгартуу борборлорунун базасында консультацияларды өткөрүү

Региондордо финансылык aгартуу борборлору түзүлдү

2020-жылдын ичинде

УБ (макулдашуу боюнча), БИМ

6

Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган маалыматтык кампанияларды уюштуруу

Каражаттарды топтоо маданиятын жогорулатууга багытталган кампанияларды өткөрүү

Иш-чараларга 7ден кем эмес билим берүү мекемелери катышты. 300дөн кем эмес адам түздөн-түз камтылды

2020-жылдын ичинде

УБ (макулдашуу боюнча), БИМ, Финкөзөмөл, макулдашуу боюнча: ДКА, "КББ" ЮЖБ, "МФУА" ЮЖБ, КЭУ, ФКУ, бизнес-ассоциациялар

Донорлордун каражаттарынын эсебинен

3-багыт

Жарандардын бардык категориясына финансылык маалыматтардын жана финансылык кызматтардын бирдей жана толук жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

7

"Финсабат" маалымат-агартуу pесурсунун ишин колдоо

Маалыматты максималдуу жайылтууну камсыз кылуу, жарандардын акчага болгон жооптуу мамилесин, жеке финансыларын натыйжалуу тескөө көндүмдөрүн калыптандыруу, тобокелдиктерди баалоо, финансылык продуктулар жөнүндө билимин кеңейтүү максаттарында pecypcту толуктоо (www.fi№sabat.kg)

Сайттын бөлүктөрүн финансылык сабаттуулук чөйрөсүндөгү актуалдуу, толук, ачык-айкын жана так маалыматтар менен толуктоо боюнча штаттык түрдө иш жүргүзүү

2020-жылдын ичинде

УБ (макулдашуу боюнча)

УБнын бекитилген бюджетинин чегинде

8

"Финансылык жеткиликтүүлүктүн улуттук стратегиясы" долбоорун ишке ашыруу алкагында финансылык сабатуулуктун компоненттерин даярдоо

"Финансылык жеткиликтүүлүктүн улуттук стратегиясы" долбоорунун алкагында финансылык сабаттуулуктун компоненттерин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жыйындарын дайыма өткөрүп туруу

"Финансылык жеткиликтүүлүктүн улуттук стратегиясы" долбоору боюнча финансылык сабаттуулуктун компоненттери даярдалды

2020-жылдын ичинде

УБ (макулдашуу боюнча), Финкөзөмөл, "КББ" ЮЖБ (макулдашуу боюнча)

Донорлордун каражаттарынын эсебинен

9

Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү

Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү сунуштарды даярдоо

Банктык жана микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө УБнын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

2020-жылдын ичинде

УБ (макулдашуу боюнча), Финкөзөмөл, макулдашуу боюнча: "КББ" ЮЖБ, "МФУА" ЮЖБ, ФКУ, КЭУ бизнес-ассоциациялар

Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде