Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 481 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1- Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 67, 2023-жылдын 10-февралындагы № 64 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Киришүү
Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле тил маселеси боюнча иш алып барган эксперттердин жана илимпоздордун пикирлери менен сунуштарын эске алып, буга чейинки программада белгиленген иш-аракеттерге карата жүргүзүлгөн талдоолордун негизинде иштелип чыкты.
Ошону менен катар эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында да тил саясатына өзүнчө көңүл бурулган. Аталган Стратегияда келечекте атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн негизги фактору катары Кыргыз Республикасынын жарандарынын бир нече тилди билүүсүнө шарт түзүлүп, кыргыз тилин мамлекеттик тил катары колдонуу чөйрөсү кеңейип, мезгил талабына жана коомдук муктаждыкка ылайык мамлекеттик тилди өркүндөтүү иши жолго коюлары көрсөтүлгөн.
2019-жылдын 23-сентябрында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдык мааракесинде Кыргыз Республикасынын Президенти: "Кылымдардын барагында, тарыхтын бүктөмүндө канча муундар калып кетти, ал эми биздин улуу тилибиз жашап келет. Ошондуктан эне тилибиз - ата-бабабыз бизге калтырган ыйык аманат, биз урпактарга жеткирүүчү негизги милдет. Мамлекетти, көз карандысыздыкты коргоо кандай кажет болсо, тилди сактоо да ошондой мааниге ээ" - деп баса көрсөтүп, алдыбызда эне тилди сактап калуу гана эмес, аны өнүктүрүп, өркүндөтүү милдети тургандыгын, ошондой эле 2014-2020-жылдар үчүн кабыл алынган Улуттук программанын мөөнөтү аяктап жаткандыктан, мындан ары аткарыла турган иштерди аныктоо менен жаңы программа иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеген.
2. Тил саясатынын учурдагы абалын баалоо, жетишкендиктер жана көйгөйлөр
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышы менен отуз жылдын аралыгында мамлекеттик тилдин мыйзамдык базасын чыңдоого өбөлгө түзүлүп, акыйкатта, тилди өнүктүрүүгө, колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүгө бир катар кадамдар жасалды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы № 119 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасында Кыргыз Республикасында жашап жаткан бардык этностордун тилдерин сактоо жана өнүктүрүү менен Кыргызстандын элинин биримдигин чыңдоочу маанилүү фактор катары мамлекеттик тилди толук жана кеңири колдонууну камсыздаган натыйжалуу тил саясатын калыптандыруу максаты белгиленген. Бул программаны ишке ашыруу боюнча белгиленген иш-чаралардын басымдуу бөлүгү учурда аткарылды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 186 токтому менен "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси түзүлүп, 2018-жылдан тартып мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин эл аралык стандартка ылайык аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.
Андан тышкары, балдарды кыргыз тилинде окутууга арналган мобилдик колдонмолор, "Кыргызтест" системасы боюнча тесттен өтүүгө, даярдоого жана окутууга багытталган "Тилтест" веб-порталы, мультимедиялык продукттар, ошондой эле текстти үнгө айлантуучу программалык аппарат ишке киргизилди.
Ошого карабастан, коомдук турмуштун маанилүү чөйрөлөрүндө (башталгыч, орто жана жогорку билим берүү, мамлекеттик башкаруу, соттук-укуктук, экономика, соода-сатык, саламаттык сактоо, маданият, санарип ж.б.) кыргыз тилин кеңири жайылтуу ишке ашпай келүүдө. Мындай абал төмөнкүдөй көйгөйлүү маселелер менен шартталган.
Мамлекеттик тилди билим берүүнүн негизги тилине айландыруу маселеси. Бул маселе мамлекеттик тилди окутуунун бирдиктүү методологиясынын, концепциясынын, методикасы менен технологиясынын иштелип чыкпагандыгы, окутуу процессинде стимул берүүчү системанын жана кесиптик тилди калыптандырууга багытталган билим берүү стандарттарынын, окуу-методикалык комплекстеринин иштиктүү өркүндөтүлбөгөндүгүнө түздөн-түз байланыштуу болуп келген.
Мамлекеттик тилди социалдык-коммуникациялык чөйрөдө жайылтуу көйгөйү. Бул көйгөйлүү маселе мамлекеттик тилдин коммуникация жаатында, коомдук-социалдык тармакта кеңири колдонулбагандыгынан, анын мыйзамдын, илимдин жана жаңы технологиялардын тили катары өнүкпөгөндүгүнөн улам келип чыккан.