Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 526 токтомуна) |
"Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 207, 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 235, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасынын максаттарын, милдеттерин, функцияларын, оператордун, ээлик кылуучунун жана пайдалануучунун укуктары менен милдеттерин, ошондой эле көрсөтүлгөн маалымат системасына кошулуунун тартибин белгилейт.
2. "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы (мындан ары - "ЭДМС" АМС) сырттан келген документтер сыяктуу эле "ЭДМС" АМСти (анын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн камтуу менен) пайдалануучулар тарабынан түзүлгөндөрдү өзүнө камтыган "ЭДМС" АМСти пайдалануучуларда электрондук документ жүгүртүүнү автоматташтырууга арналган, программалык каражаттар менен маалыматтар базасынын жыйындысы болуп саналган өтмө маалымат системасынан турат.
3. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
"ЭДМС" АМСтин ээси - электрондук башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
"ЭДМС" АМСтин оператору - "ЭДМС" АМСти эксплуатациялоону, анын техникалык жана программалык коштоону ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси;
"ЭДМС" АМСти пайдалануучу - аткаруучу, мыйзам чыгаруучу органдар, сот системасы жана башка мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар;
электрондук документ - электрондук формада, башкача айтканда, электрондук эсептөө машиналарын пайдалануу менен адамдын кабылдоосу үчүн жарактуу түрдө, ошондой эле маалыматтык- телекоммуникациялык тармактар боюнча берүү же маалымат системаларында иштетүү үчүн берилген документтештирилген маалымат;
кагаз түрүндөгү документтин электрондук көчүрмөсү (электрондук көчүрмө) - кагаз документтин сканерленген же сүрөткө тартылган образын берүүчү, кагаз түрүндө түзүлгөн, сканерленген документтин мазмунуна өзгөртүү киргизбестен, техникалык каражаттардын жардамы аркылуу кайрадан электрондук формага бир бүтүн нерсе катары өзгөртүлгөн электрондук формадагы маалыматтар;
электрондук колтамга - электрондук формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) ага логикалык жактан байланышкан, маалыматка кол коюлган адамды аныктоо үчүн пайдаланылуучу электрондук формадагы маалымат;
электрондук архив - маалыматтары электрондук түрдө белгиленген архив.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 235, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. "ЭДМС" АМСтин максаты, милдети жана функциялары
4. "ЭДМС" АМСтин иштөөсүнүн максаты түзүүнү, иштеп чыгууну, каттоону, уюштурууну, жөнөтүүнү, аткарууну контролдоо жана электрондук документтерди сактоо болуп саналат.
5. "ЭДМС" АМСтин иш милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- электрондук документтер жана кагаз түрүндөгү документтердин электрондук көчүрмөлөрү менен иштөөнүн натыйжалуулугун жана ыкчамдуулугун жогорулатуу;
- электрондук документтердин жана кагаз түрүндөгү документтердин электрондук көчүрмөлөрүн иштеп чыгуу технологиясын оптималдаштыруу, системалаштыруу жана бирдейлештирүү;
- кирген жана чыккан электрондук документтердин, кагаз түрүндөгү документтердин электрондук көчүрмөлөрүн каттоону жакшыртуу жана документтерди жүгүртүүнүн сапатын жогорулатуу;
- электрондук документтердин жана кагаз түрүндөгү документтердин электрондук көчүрмөлөрүн жеткирүү жана иштеп чыгуу, кирген жана чыккан электрондук документтердин жана кагаз түрүндөгү документтердин электрондук көчүрмөлөрүн каттоого алуу менен байланышкан кол эмгектерин кыскартуу жана ага кетүүчү убакытты азайтуу;
- электрондук документтердин жана кагаз түрүндөгү документтердин электрондук көчүрмөлөрүнүн жоголуп кетүүсүнө жол бербөө;
- электрондук документтердин жана кагаз түрүндөгү документтердин электрондук көчүрмөлөрүн издөөгө кетүүчү убакытты кыскартуу;
- аткаруучулук тартипти контролдоону күчөтүү;
- "ЭДМС" АМСте катталган электрондук документтердин жана кагаз түрүндөгү документтердин электрондук көчүрмөлөрү жөнүндө маалыматтардын негизинде ар түрдүү статистикалык отчетторду түзүү.
6. "ЭДМС" АМСтин функциясы болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- кирген электрондук документтерди жана кагаз түрүндөгү документтердин электрондук көчүрмөлөрүн кабыл алуу, иштеп чыгуу, каттоого алуу, тапшыруу;
- ички электрондук документтерди жана кагаз түрүндөгү документтердин электрондук көчүрмөлөрүн даярдоо, иштеп чыгуу, каттоого алуу, чыккандарын жөнөтүү жана тапшыруу;
- кирген, чыккан, ички электрондук документтердин жана кагаз түрүндөгү документтердин электрондук көчүрмөлөрүнүн аткарылышын контролдоо;
- электрондук документтерди жана кагаз түрүндөгү документтердин электрондук көчүрмөлөрүн алгачкы карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча жетекчилик тарабынан уюштурулган резолюцияларды, тапшырмаларды түзүү;
- электрондук документтердин жана кагаз түрүндөгү документтердин электрондук көчүрмөлөрүн тапшырууда аткаруучулар арасында тапшырманы кайра башкага, бир түзүмдүк бөлүмдөн башкасына жана/же бир түзүмдүк бөлүмдүн чегинде багыттоо жана жеткире иштеп чыгуу үчүн кайтаруу мүмкүнчүлүгү;
- аткаруучу тарабынан электрондук документтердин жана кагаз түрүндөгү документтердин электрондук көчүрмөлөрүнүн аткаруу мөөнөттөрү келип калгандыгы жөнүндө эскертүүлөрдү автоматташтырылган түрдө жөнөтүү;
- электрондук документтердин жана кагаз түрүндөгү документтердин электрондук көчүрмөлөрүн ар түрдүү критерийлер боюнча суроо-талапты берүү аркылуу жана "негизги сөз" аркылуу издөө;
- ар түрдүү критерийлер боюнча тапшырмаларды тандоо жана иргөө мүмкүндүгү;
- электрондук документтердин жана кагаз түрүндөгү документтердин электрондук көчүрмөлөрүн алардын маанилүүлүгүнө жана учурдагы статусуна (аткаруудагылар, аткарылбагандар (мөөнөтүн өткөргөндөр), аткарылгандар (мөөнөтүндө аткарылган/мөөнөтү өткөрүү менен аткарылган) жараша кайсы бир түс менен автоматтык түрдө бөлүп көрсөтүү;
- контролдоочулар жана/же ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан электрондук документтердин жана кагаз түрүндөгү документтердин электрондук көчүрмөлөрүнүн аткаруу мөөнөттөрүнүн өтүп кеткендиги тууралуу фактыларын аныктоо мүмкүндүгү;
- тапшырылган параметрлерге ("ЭДМС" АМСти пайдалануучулардын аткаруучулары боюнча бөлүмдөр, электрондук документтер жана кагаз түрүндөгү документтердин электрондук көчүрмөлөрүнүн түрлөрү, тапшырманын авторлоруна) ылайык аткаруу тартибин талдоо жана контролдоо, зарыл маалыматтарды "Microsoft" жана "Excel" форматында басып чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен отчетторду даярдоо;
- электрондук документтердин жана кагаз түрүндөгү документтердин электрондук көчүрмөлөрүнүн жүгүртүү боюнча тарыхын кароо мүмкүндүгү;
- электрондук документтердин жана кагаз түрүндөгү документтердин электрондук көчүрмөлөрүнүн ведомстволук электрондук архивин жүргүзүү;
- "ЭДМС" АМСти аткаруучу-пайдалануучунун каттоодон өтүүсү жана жөнөтүүсү үчүн түзүмдүк бөлүмдөрдүн аткаруучулары менен маселени иштеп чыгуу жөнүндө кыскача маалыматты (комментарий) ошол документке тиркелген билдирүүлөр түрүндө жүргүзүү мүмкүндүгү;
- ыйгарым укуктуу жетекчинин/кызматчынын электрондук документке кол коюуда электрондук колтамганы колдонушу;
- жөнөтүү же тапшырма берүү үчүн уюштуруу түзүмүн жүргүзүүнү жана кызматчылардын тизмесин камсыздоо;
- иш кагаздарын жүргүзүүчүнүн каттоосунан өткөн электрондук документтерди жана кагаз түрүндөгү документтердин электрондук көчүрмөлөрүн автоматтык архивдештирүү ошондой эле электрондук документтердин жана кагаз түрүндөгү документтердин электрондук көчүрмөлөрүн каттоодон өткөрүү үчүн ыңгайлашкан номерлөөчүгө колдоо көрсөтүү, иш номенклатурасын жүргүзүү менен камсыздоо;
- техникалык мүмкүнчүлүктөр болгон учурда, маа6лымат алмашуу жана электрондук документ жүгүртүүнү жүргүзүү үчүн "ЭДМС" АМСтин башка мамлекеттик , муниципалдык маалымат системалары жана юридикалык жана жеке жактардын маалымат системалары менен интеграцияланышын камсыздоо;
- түрдүү документтерди, анын ичинде ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кароодо "ЭДМС" АМСти пайдалануучулар арасында маалыматтык өз ара аракеттенүүнү камсыздоо;
- "ЭДМС" АМСтин маалымат системасы менен мамлекеттик органдардын жана , жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жана жеке жактардын электрондук документ жүгүртүү системасынын ортосунда интеграциялоону камсыздоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 235 токтомунун редакциясына ылайык)