Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2021-жылдын 18-февралы № 52

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу тартибин аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2-пунктундагы "2021" деген цифралар "2022" деген цифралар менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

 У.А. Марипов