Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2021-жылдын 5-марты № 72
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-апрелиндеги № 172, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248, 2022-жылдын 12-августундагы № 455, 2023-жылдын 28-августундагы № 431, 2023-жылдын 7-сентябрындагы № 448, 2024-жылдын 5-февралындагы № 48, 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы мамлекеттик органдарын оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96 жана 97-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4357-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17 жана 25-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.
2. Финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен тиешелүү функцияларды жана штаттык бирдиктерди Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратына өткөрүп берүү менен төмөнкүлөр жоюлсун:
1) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаменти;
2) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттиги.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттигин жоюу жол-жоболорун ишке ашыруу үчүн жоюу комиссиясын түзсүн;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигине тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.