КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 17-марты № 98
Жарандык жана үй-бүлөлүк иштер боюнча өз ара укуктук жардам маселелери жөнүндө эл аралык келишимдердин алкагында түздөн-түз өз ара аракеттенүүнү ишке ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктоо тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 262 токтомунун редакциясына ылайык)
1993-жылдын 22-январындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенцияга, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенцияга жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 1993-жылдын 22-январындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенцияны, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдар болуп төмөнкүлөр аныкталсын:
- калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксат алуу маселелери боюнча документтерди тариздөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти;
- Кыргыз Республикасынын аймагында соттук чечимдерди таануу жана аткаруу, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин аймагында аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын сот органдарынын чечимдерин жиберүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти (макулдашуу боюнча).
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 262 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда аталбаган маселелер боюнча байланыш органы болуп аныкталсын.
3. Суроо-талаптарды аткаруу үчүн төмөнкүдөй мөөнөттөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга ведомстволук караштуулугу боюнча кароого жиберүү үчүн, ошондой эле суроо-талаптардын демилгечилерине жоопторду жөнөтүү үчүн - 10 жумуш күн;
- суроо-талапты кароо карамагына кирген мамлекеттик органдарда жана уюмдарда - 10 жумуш күн.
Ушул пунктта аталган мөөнөттөр эгерде суроо-талапты аткаруу үчүн кошумча материалдарды талап кылуу же башка чараларды көрүү зарыл болсо, мамлекеттик органдардын жана уюмдардын жетекчилери тарабынан 15 жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн жана мурас иштери боюнча суроо-талаптарга колдонулбайт.
Кыргыз Республикасынын аймагында соттун чечимдерин таануу жана аткаруу Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде аныкталган мөөнөттө ишке ашырылат.
4. Суроо-талапты аткаруу карамагына кирген мамлекеттик органдар жана уюмдар төмөнкүлөрдү ишке ашырат деп белгиленсин:
- суроо-талаптарга жоопторду түздөн-түз суроо-талаптын демилгечилерине даректейт;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган эл аралык келишимдерге ылайык жооптордун жана аларга тиркелген документтердин расмий тилде даярдалышын камсыздашат. Эгерде тиркелген материалдар мамлекеттик тилде түзүлгөн болсо, аларга расмий тилдеги күбөлөндүрүлгөн котормолор тиркелет.
5. Жарандык жана үй-бүлөлүк иштер боюнча укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эки тараптуу эл аралык келишимдердин алкагында суроо-талаптарды аткарууда ушул токтомдун 3 жана 4-пункттары колдонула тургандыгы аныкталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруучу комитетине ушул токтомдун 1 жана 2-пункттарында аталган мамлекеттик органдардын тизмеги жөнүндө кабарласын.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 26-мартындагы № 26 жарыяланды
Премьер-министр | У.А. Марипов |