КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 9-апрели № 138
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борборун түзүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
Котормочулук ишти натыйжалуу жөнгө салуу, расмий жана башка документтердин сапаттуу которулушун уюштуруу жана камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борбору түзүлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борбору (мындан ары - Борбор) жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Борбордун штаттык саны кенже тейлөө персоналын кошпогондо, 7 штаттык бирдик өлчөмүндө белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун экинчи абзацында "23-4" деген цифралар "23-5" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда 235-тиркемеси менен толукталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Борборду туруктуу жайгаштыруу үчүн тиешелүү жай издеп тапсын, ишин техникалык жана коммуникациялык жактан тейлөөнү камсыздасын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр |
| У.Марипов |
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
|
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Котормо борбору" мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маянасынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Кызматтардын аталышы | Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом менен) |
1 | Директор | 19000 |
2 | Директордун орун басары | 18500 |
3 | Эксперт | 17000 |
4 | Финансы боюнча адис | 15000 |
5 | Кадрлар жана иш кагаздар боюнча адис | 15000 |