Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 20-апрели № 158
Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларацияны берүү тартиби тууралуу
«Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларацияны толтуруу жана күбөлөндүрүү тартиби, 1-тиркемеге ылайык;
2) мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларациянын бланкынын формасы, 2-тиркемеге ылайык;
3) Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо объекттеринин классификатору, 3-тиркемеге ылайык.
2. Ыктыярдуу декларациялоо объектин декларантка кайра тариздөө Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык таризделген, декларациялануучу мүлктү менчикке акысыз өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин негизинде ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги ыктыярдуу декларациялоо үчүн милдеттенмелер боюнча акча каражаттарын эсепке киргизүү үчүн Бирдиктүү казыналык эсеп системасында эсеп ачсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-июлундагы № 425 «Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларацияны берүүнүн тартиби жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | У.А. Марипов |
1-тиркеме
Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларацияны толтуруу жана күбөлөндүрүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип «Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасында ыктыярдуу декларациялоо объекттери бар жеке адамдар тарабынан 2020-жылдын 1-январына чейин алган кирешелеринин эсебинен түзүлгөн жана/же сатып алынган мүлктү жана кирешелерди салыктык, бажылык төлөмдөрдү, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү тиешелүү төлөөсүз ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларацияны толтуруунун тартибин аныктайт.
2-глава. Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо
жөнүндө декларацияны толтуруу тартиби
2. Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларация (мындан ары – Декларация) декларант же анын мыйзамдуу өкүлү тарабынан декларанттын ким экендигин күбөлөндүрүүчү, мыйзамдуу өкүлүнүн ким экендигин күбөлөндүрүүчү, декларанттын мыйзамдуу өкүлүнүн укугун ырастоочу документтердин маалыматтарына ылайык толтурулат.
3. Декларацияны толтурууда оңдоолорго, кырып өчүрүүлөргө жана сызып оңдоолорго, арифметикалык каталарга жол берилбейт.
4. «Бланкты берген жана декларацияны күбөлөндүргөн органдын аталышы» деген сапта декларацияны күбөлөндүргөн декларанттын жашаган же катталган жери боюнча мамлекеттик нотариалдык конторанын аталышы көрсөтүлөт.
5. «Декларанттын аты-жөнү» деген сапта декларанттын аты-жөнү толугу менен көрсөтүлөт.
6. «Декларанттын ИСН (ИЖН)» деген сапта калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ыйгарылган декларанттын идентификациялык салык номери же идентификациялык жеке номери көрсөтүлөт.
7. «Жашаган жери же катталган жери» деген сапта декларанттын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документке ылайык эсептик каттоо дареги көрсөтүлөт.
8. «Декларанттын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин маалыматтары» деген тиешелүү саптарда декларанттын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин сериясы, номери, берилген күнү жана документти берген мамлекеттик органдын аталышы көрсөтүлөт.
9. «Ыктыярдуу декларациялоо объекттеринин декларациялануучу наркынын жыйынтыгы» деген сапта тиркеменин «Жыйынтыгы» сабына ылайык декларациялануучу мүлктүн жана/же кирешелердин наркынын жалпы суммасы (цифралар жана жазуу жүзүндө) көрсөтүлөт.
10. «Декларациянын тиркемелери берилди («X» белгиси менен тийиштүү уячалар белгиленет)» деген сапта «X» белгиси менен декларациянын тийиштүү тиркемелеринин уячаларынын жанындагы уячалар белгиленет, бул декларациянын белгиленген тиркемелери күбөлөндүрүү үчүн берилгендигин билдирет.
3-глава. Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо
жөнүндө декларациянын тиркемесин толтуруу тартиби
11. Декларациянын тиркемелери Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо объекттеринин классификаторуна (мындан ары – Классификатор) ылайык толтурулат.
12. 1-графада ыктыярдуу декларациялоо объектисинин катар номери көрсөтүлөт.
13. 2-графада ыктыярдуу декларациялоо объектисинин түрү көрсөтүлөт.
14. 3-графада Классификаторго ылайык мүлктүн толук аталышы көрсөтүлөт же ыктыярдуу декларациялоо объектисинин кыскартылган аталышы менен Классификатордун тиешелүү коду көрсөтүлөт.
15. 4-графада ыктыярдуу декларациялоо объектиси сатып алынган жыл көрсөтүлөт.
16. 5-графада мүлк объектисине укук белгилөөчү же укук күбөлөндүрүүчү документтин реквизиттери, анын ичинде кыймылсыз мүлк объектисинин идентификациялык коду, жерди пайдалануу актысынын номери жана сериясы, акцияларды чыгаруу номери жана сериясы, сатып алуу-сатуу, белекке берүү, карызга берүү, ижарага берүү, алмашуу келишиминин, мурастоо жөнүндө күбөлүктүн, автотранспорттун техникалык паспортунун, чарбалык шериктештиктеги же коомдогу үлүшкө уюмдаштыруу келишиминин номери жана датасы көрсөтүлөт.
17. 6 жана 7-графаларда тиешелүү өлчөө бирдигинде берилген декларациялануучу кирешелердин жана/же мүлктүн саны жана/же аянты көрсөтүлөт.
18. 8-графада укук белгилөөчү документтердин негизинде акча каражаттарынан тышкары сатып алган күнгө карата мүлк объекттеринин наркы, ал эми алар жок болсо же аларда активдердин наркы жок болгон учурда – декларанттын өз алдынча баалоосунун негизинде сатып алган күнгө карата улуттук валютада берилген базар баалары боюнча көрсөтүлөт.
19. 9-графада мүлк объекттеринин наркы көрсөтүлөт. Декларациялануучу мүлктүн наркын баалоо декларант тарабынан укук күбөлөндүрүүчү жана укук белгилөөчү документтердин маалыматтарына ылайык же декларант тарабынан таризделген, бул мүлккө укуктарга ээ болууга келишимде көрсөтүлгөндөн айырмаланган мүлктү сатып алуунун иш жүзүндө төлөнгөн (реалдуу) наркы боюнча жүргүзүлөт.
Эгерде мүлктү сатып алууга каражаттардын келип чыгуу булактары жана/же мүлктүн наркы сатып алуу күнүнө же ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү башталган күнгө карата документ түрүндө ырасталбаса, декларант декларация толтурулган күнгө карата өз алдынча баалайт.
Акча каражаттары суммардык түрдө көрсөтүлөт. Чет элдик валютадагы акча каражаттары декларация толтурулган күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча сом менен көрсөтүлөт.
20. 10-графада ыктыярдуу декларациялануучу объекттин жайгашкан жеринин дареги же каттоо маалыматтары көрсөтүлөт.
4-глава. Декларацияны күбөлөндүрүү тартиби
21. Декларация декларант же анын мыйзамдуу өкүлү тарабынан анын жашаган же катталган жери боюнча мамлекеттик нотариалдык конторага күбөлөндүрүү үчүн берилет.
22. Декларация бланкына декларант же анын мыйзамдуу өкүлү мамлекеттик нотариустун катышуусунда кол коёт. Мамлекеттик нотариус декларанттын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн кол тамгасын белгиленген тартипте күбөлөндүрөт.
23. Мамлекеттик нотариус декларанттын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусунда декларациядагы декларант жөнүндө маалыматтардын анын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документке шайкештигин гана текшерет, ошондой эле декларациядагы кол тамгасынын аныктыгын күбөлөндүрөт жана Декларациялардын реестрине декларациянын жеке катар номерин, декларациялоо күнүн жана бул декларацияны берген адамдын жеке маалыматтарын киргизет. Декларациядагы суммалар белгиленген декларациялык чектен ашып кеткен учурда декларациялык төлөмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын жана/же мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу жөнүндө документтин бар экендигин текшерет.
24. Декларацияларды күбөлөндүрүү жол-жобосун ишке ашырган мамлекеттик нотариустар ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү аяктагандан кийин бир айдын ичинде кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациянын жеке катар номерин, декларациялоо күнүн жана декларацияны берген адамдын жеке маалыматтарын, ошондой эле 2020-жылдын 4-декабрындагы № 5 «Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык милдеттенмелерди көрсөтүү менен Ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларациялардын реестрин түзөт жана чапталган конвертте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине берет.
Мамлекеттик нотариалдык контора Кыргыз Республикасынын нотариат жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык декларант тарабынан берилген документтердин көчүрмөлөрүн сактоону камсыз кылат.
25. Мамлекеттик нотариалдык контора тарабынан күбөлөндүрүлгөн декларация декларантта сакталат.
2-тиркеме
Приложение 2
№ 000000
Бланкты берген жана декларацияны күбөлөндүргөн органдын аталышы/
Наименование органа, выдавшего бланк и заверившего декларацию
________________________________________________________________________________________
Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларация Декларация о добровольном декларировании имущества и доходов
(жалгыз нуска, единственный экземпляр)
Декларанттын аты-жөнү/Фамилия, имя, отчество декларанта:
___________________________________________________________________________
Декларанттын ИСН (ИЖН)/ИНН (ПИН) декларанта:
___________________________________________________________________________
Жашаган жери/катталган жери:
Место жительства/регистрации:
___________________________________________________________________________
Декларанттын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин маалыматтары/
Данные документа, удостоверяющего личность декларанта:
___________________________________________________________________________
Сериясы/Серия:_____________________________________________________________
Номери/Номер:______________________________________________________________
Ким тарабынан берилген/Выдан:_____________________________________________________________
Берилген күнү
Дата выдачи:_______________________________________________________________
ЫКТЫЯРДУУ ДЕКЛАРАЦИЯЛОО ОБЪЕКТТЕРИНИН ДЕКЛАРАЦИЯЛАНУУЧУ НАРКЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ 1 ИТОГО ДЕКЛАРИРУЕМАЯ СТОИМОСТЬ ОБЪЕКТОВ ДОБРОВОЛЬНОГО ДЕКЛАРИРОВАНИЯ 1 1- 1-тиркеменин «жыйынтыгы» сапчаларынын суммасы цифралар жана жазуу жүзүндө көрсөтүлөт 1- указывается сумма строчек «итого» приложения 1 цифрами и прописью |
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-июлундагы № 364 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 20-апрели № 158