Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 12-апрели № 142
Кыргыз Республикасынын жарандарынын2020-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун, дипломаттык жана кызматтык паспортторун Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүү максатында, «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө жободо:
- 6 жана 7-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) – Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу тексттик жана машина менен окула турган түрдөгү маалыматы бар документ. ID-карта Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде колдонулат;
- идентификациялык карта – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) – Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу тексттик, машина менен окула турган жана электрондук түрдөгү маалыматы, паспорттун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган кошо коюлган электрондук чиби бар документ. ID-карта Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде колдонулат;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту – Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу, Кыргыз Республикасына(н) кирүүгө/чыгууга укук берүүчү, тексттик жана машина менен окула турган түрдөгү маалыматы бар документ;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту - Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу, Кыргыз Республикасына(н) кирүүгө/чыгууга укук берүүчү, тексттик, машина менен окула турган жана электрондук түрдөгү маалыматы, паспорттун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган кошо коюлган электрондук чиби бар документ;
- Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын үлгүсүндөгү дипломаттык жана кызматтык паспорттору Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынан чыгууда, анын чегинен тышкары убактылуу болууда жана Кыргыз Республикасына кирүүдө Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу, тексттик жана машина менен окула турган түрдөгү маалыматы бар документтерден болуп эсептелет;
Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү дипломаттык жана кызматтык паспорттору Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынан чыгууда, анын чегинен тышкары убактылуу болууда жана Кыргыз Республикасына кирүүдө Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу, тексттик, машина менен окула турган жана электрондук түрдөгү маалыматы, паспорттун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган кошо коюлган электрондук чиби бар документтерден болуп эсептелет.
7. Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун сүрөттөлүштөрү жана үлгүлөрү калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.».
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. 2021-жылдын 1-майынан тартып төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарына 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторду жекелештирүү жана берүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынан документтерди кабыл ала тургандыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын жарандарына 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторду жекелештирүү жана берүү үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынан документтерди кабыл ала тургандыгы;
- Кыргыз Республикасынын жарандарына 2020-жылдын үлгүсүндөгү дипломаттык жана кызматтык паспортторду жекелештирүү жана берүү үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынан документтерди кабыл ала тургандыгы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)