Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 723
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Бюджеттик мекемелердин дебитордук жана кредитордук карызын жана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүнө Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ресурстардын түшүүлөрүн эсепке алууну өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 9, 114 жана 118-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускамада:
- 17-пункту төмөнкүдөй мазмундагы онунчу, он биринчи абзацтар менен толукталсын:
"- Кредиттик карыз жөнүндө отчет" (25-тиркеме);
- "Дебитордук карыз жөнүндө отчет" (26-тиркеме).";
- 31-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 13, 14 жана 15-пунктчалар менен толукталсын:
"13) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүнө Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ресурстардын күн сайын түшүүлөрү (27-тиркеме);
14) ташып кирүүдөгү бажы алымдарынын суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү жөнүндө отчет (28-тиркеме);
15) атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү жөнүндө отчет (29-тиркеме).";
- Нускама ушул токтомдун 1-5-тиркемелерине ылайык редакцияда 25-29-тиркемелер менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-январындагы № 5 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |
1-тиркеме |
|
| 25-тиркеме |
A 22 формасы. Кредиттик карыз жөнүндө отчет
Мекеме:
Мезгилдүүлүк:
Функциялык классификация:
Ведомстволук классификация:
Ченем бирдиги:
| Чыгымдардын экономикалык классификациясынын коддору | Ырастоочу документтин реквизиттери | Карыз предмети | Кредитордун (уюмдун) аталышы | Келишим боюнча сумма (сом) | Келишим боюнча төлөнгөн (сом) | Салыштыруу актысына ылайык карыздын калдыгы (сом) | Карыз пайда болгон дата | Карыздын түзүлүү себептери | ||||
| Бөлүм | Категория | Топ | Берене | Элемент | ||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
1. Учурдагы карыз, бардыгы: |
|
|
|
|
| X | X | X |
|
|
| X | X |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2. Мөөнөтү өткөн карыз, бардыгы: |
|
|
|
|
| X | X | X |
|
|
| X | X |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кредитордук карыздын жалпы көлөмү отчеттук датага карата ____________ сомду түздү.
Жетекчи __________________________________
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-мартындагы № 183 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2019-жылдын 30-декабры № 723