Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

ТОКТОМ

2021-жылдын 22-апрели № 164

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" "Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жободо:

- 5-пунктунун он сегизинчи абзацынын мамлекеттик тилдеги текстиндеги "менчик же" деген сөздөр алып салынсын;

- 7-пунктунун экинчи абзацы "коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын" деген сөздөргө чейин "шаар куруу жана архитектура, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарынын, " деген сөздөр менен толукталсын;

- 8-пунктунда:

жетинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү сүйлөм менен толукталсын:

"Комиссиянын чечими сунуштоочу мүнөзгө ээ.";

- 22-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"- жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жер участогунун чектеринде пайдалуу кендердин болушу же жок экендиги жөнүндө маалымат алуу үчүн.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жободо:

- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"15. Райондун мамлекеттик администрациясы документтер келип түшкөн күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде компетенциясынын чегинде "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" "Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык жерлерди которууга (трансформациялоого) макулдук берүү же жерлерди которуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы № 176 "Запастагы жерлерди пайдалануунун жана түзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Запастагы жерлерди пайдалануунун жана түзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"14. Комиссиянын корутундусунун негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрация үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык кароо үчүн тийиштүү материалдарды жиберет.".

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 Премьер-министр

У.А. Марипов