Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 4-майы № 195
К"Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | У.А. Марипов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин тоо" гезити, 1992-жылдын 4-августу, № 99) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
24-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24-статья. Ушул Мыйзамдын нормаларын бузуу үчүн жоопкерчилик Ушул Мыйзамдын нормаларын бузуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде каралган тартипте жоопкерчилик келип чыгат.".